Turmush — Чүй облусунун Шопоков шаарында 355 жаранга ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын күнүнө карата азык-түлүк баштыктары берилди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, ошондой эле Шопоков шаарындагы майып балдар үйүндө жашаган 8 балага кышкы кийим алуу үчүн 24 миң сомдун сертификаты тапшырылды.
Шопоков шаарында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 355 жаран катталган.