Turmush — Бүгүн, 30-ноябрда президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев Өзбекстан Республикасынын Ош шаарындагы башкы консулу Зафарбек Ахмедов менен жолугушту.
Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда облус башчы менен башкы консул эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө байланышкан маселелердин кеңири чөйрөсүн, анын ичинде соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнүн, маданият жана туризмдин аспектилерин талкуулашты.
Ошондой эле Элчибек Жантаев Ош облусу менен Анжиян облусунун ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү боюнча 2023-2025-жылдарга комплекстүү программа (жол картасы) бар экенин белгиледи. Ал бул программаны ишке ашыруу жол картасында камтылган түрдүү чөйрөлөрдө эки тараптуу мамилелерди активдештирүүгө өбөлгө болот деген ишенимин билдирди.
Өзбекстан Республикасынын Ош шаарындагы Башкы консулдугунун ачылышы 2023-жылдын 7-декабрына белгиленген.
Бул иш-чара эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелерди бекемдөө жана андан ары өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп саналат.