Turmush — Алай районунун Гүлчө айылынын Т.Отунчиев атындагы №2 мектеп-гиназиясынын директору Гүлмира Раимкулова мезгилсиз дүйнө салды. Бул тууралуу анын жакындары билдиришти.
Ал акыркы 3 жылдан бери Т.Отунчиев атындагы №2 мектеп-гиназиясын жетектеп келген.
Раимкулова Гүлмира Атантаевна 1969-жылы 23-мартта Алай районунун Гүлчө айылында жарыкка келген. 1976-жылы Макаренко (азыркы Т.Отунчиев) атындагы мектептин босогосун аттап, 1986-жылы ийгиликтүү бүтүргөн.
Көп жылдар бою ар кайсы мектептерде орус тили мугалими болуп иштеген.
Анын артында жолдошу, 3 кыз жана 1 уулу, неберелери калды.