Turmush — Ош облусунун Алай районуна караштуу Гүлчө айыл аймагында 23 кожолукка таза суу тартылып берилет. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттөн билдиришти.
Маалыматка караганда, Ярослав көчөсүндө (эски автобаза тарапта) жайгашкан турак үйлөрдө ичүүчү таза суу көйгөйү чечилбей келген.
«Айыл өкмөт башчы Сүйөрбек Исаев бул маселени өзүнүн көзөмөлүнө алып, БУУнун азык-түлүк программасынын колдоосу менен иш алып барып, бүгүнкү күндө аталган меселе чечилип, калкка ичүүчү таза суу түтүгү тартылуу алдында турат.
Таза суу Жошолу бурумунда жайгашкан суу мунарасынан жалпы 1050 метр аралыкка тартылат. Бул жерде 1 билим берүү мекемеси жайгашкан жана жалпы 23 кожолук, 105 адам жашайт», - деп айтылат маалыматта.