Turmush — Кожомамбетов Азамат Асанбекович Ош облусунун Алай районунун акими болуп дайындалды.
Turmush басылмасына маалым болгондой, жаңы аким бүгүн, 24-августта саат 17:30дө жамаатка тааныштырылат.
Азамат Кожомамбетов буга чейин Ысык-Ата районунун Красная Речка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеп жаткан.
Ал 1980-жылы 28-августта Ысык-Ата районунун Красная Речка айылында туулган.
Ал эми Алай районунун буга чейинки акими Каныбек Апбасов Ош облусунун Өзгөн районунун акими болуп дайындалды. Ал бүгүн, 24-августта жамаатка тааныштырылды.
Өзгөн районунун буга чейинки акими Шабдан Абыкаев өз арызы менен кызматтан кетти.
Резюмесин жана башка бардык маалыматтарды окуу үчүн АКИpress'ке катталыңыз...
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.