Turmush — Алай районунун Гүлчө айыл аймагынын Гүлчө айылында жол белгилери орнотулду. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттөн билдиришти.
Маалыматка караганда, айылдагы жашоочулардын коопсуздугун камсыздоо максатында Алымбек датка көчөсүндөгү №5 «Ак ниет» бала бакчасынын, Нарматов көчөсүнүн Парманас орто мектебинин тушуна, Үмөталиев көчөсүнө жана ресторандын тушуна жол белгилери коюлду. Каражат айыл өкмөттүн бюджетинен бөлүнүп берилди.
«Ишти сапаттуу бүткөрүү үчүн Алай РИИБдин жетечиси менен биргеликте Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Сүйөрбек Исаев көзөмөлдөдү. Жол белгилерди «Гүлчө тазалык» ишканасынын жумушчулары орнотту», - деп айтылат маалыматта.
Жалпы 16 жол белгиси орнотулуп, Алымбек датка менен М.Адышов көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол чырак оңдоодон өткөрүлдү. Бул иштер үчүн жергиликтүү бюджеттен 130 миң сом каралган.