Turmush — Ошентип, өлкөнүн бардык мектептеринде акыркы коңгуроо кагылды. Алдыда экзамендер, бүтүрүү кечелери жана дагы бир жоопкерчиликтүү этап – келечектеги кесипти тандоо. Варианттар ар кандай болушу мүмкүн. Эң кызыксызы – сизге эч качан кереги тийбеген адистикти окууга убакыт коротуу. Ал эми эң мыктысы – аң-сезимдүү чечим кабыл алып, кыялыңыздагы кесипти өздөштүрүп, өз ишин билген жана сүйгөн талаптанган адис болуу.
Кантип туура тандоо жасоо керек?
Жаш кыргызстандыктарга бул милдетти жеңилдетүү үчүн, Beeline Кыргызстан уюлдук оператору, Enactus Кыргызстан коомдук бирикмеси жана «Билимдүү» коомдук фонду «Кесиптик багыт берүү» долбоорун түзүштү. Бул Beeline компаниясынын атайын иштелип чыккан платформасынын жардамы менен кесипти аң-сезимдүү тандоого жардам берген демилге. Бул жерден келечектүү кесиптер менен бекер таанышып, онлайн-курстардан өтүп, тесттин суроолоруна жооп ала аласыз. Материалдар орус жана кыргыз тилдеринде жеткиликтүү.
Кайсы кесиптер эӊ популярдуу?
Платформада он беш багыт боюнча видеоконтент сунушталган:
-
Креативдүү индустрия (киберспортчу, фотограф);
-
Дизайн (дизайнер-иллюстратор, кийим дизайнери, графикалык дизайнер);
-
IT тармагы (Data Science адиси, Android-иштеп чыгуучу);
-
Ишкерлик;
-
Архитектура;
-
Менеджмент;
-
Режиссура;
-
PR жана маркетинг (маркетолог, PR-менеджер);
-
Тигүү тармагы;
-
Медицина;
-
Юриспруденция (юрист, адвокат);
-
Кулинария;
-
Финансы (финансист, аудитор);
-
Психология;
-
Педагогика.
Бул адистиктер жөн жерден тандалып алынган эмес. Долбоор башталганга чейин Beeline жана Enactus Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан келген мектеп окуучулары менен студенттеринин арасында кесип тандоо боюнча социалдык сурамжылоо жүргүзүшкөн. Алынган жооптордун негизинде азыркы жаштар эң көп кызыккан тармактардын тизмесин түзүүгө мүмкүн болду. Ал эми өз тармагынын адистеи өз иштери тууралуу айтып, онлайн-курстарды түзүүгө катышып, өз иштери тууралуу айтып беришти.
Кесиптик багыт берүү курстарынан кантип өтсө болот?
Бардык материалдар ыңгайлуу платформада https://beeprof.beeline.kg/ шилтемеси боюнча берилген. Биринчи төрт курс ар бир адамга, анын ичинде катталбаган колдонуучуларга жеткиликтүү. Окууну улантуу үчүн сиз Beeline номери боюнча авторизациядан өтүшүңүз керек. Андан кийин, сиз бардык онлайн-курстарга жеткилик ала аласыз. Ошондой эле тесттен өтүп, долбоордун финалисттеринин катарына катышуу үчүн мотивация кат жазсаңыз болот.
Жеңүүчүлөр Кыргызстандагы эң мыкты компанияларга тааныштыруу экскурсияларына чакырылат.
«Кесиптик багыт берүү» долбоорунун маанилүүлүгү эмнеде?
Кесип тандоо боюнча жеткиликтүү жана пайдалуу онлайн-курстар идеясы Кыргызстандын жаштарынын арасында абдан жакшы пикирге ээ болду. Маселен, өлкөнүн түштүгүндө мектеп окуучулары жана студенттер «Кесиптик багыт берүү» долбоорунун бет ачарына чоң кызыгуу менен катышты. Beeline компаниясынын адистери аларга жаңы демилге тууралуу айтып берип, Жалал-Абад, Баткен жана Ош шаарларындагы ондон ашык мектептерди жана ЖОЖдорду кыдырып, суроолоруна жооп беришти.
- Жогорку сапаттагы социалдык жана билим берүү долбоорлорунун маанисин ашыкча баалоо өтө кыйын, - дейт Beeline Кыргызстандын башкы директору Андрей Пятахин. - Жигердүү, максатка багытталган, билимдүү жаштар бүтүндөй коомдун бакубаттуулугунун ачкычы. Жаштар жаркын келечекке умтулушат жана биз алар бул келечекти чет өлкөдө эмес, ушул жерде, Кыргызстанда курушун чындап каалайбыз. Ошондуктан, Beeline социалдык жоопкерчиликтүү компания катары жаш муундарды тарбиялоого жигердүү салым кошуп, өлкөбүздө ийгиликтүү мансап түзүүнүн реалдуу үлгүлөрүн көрсөтүүдө.
Beeline — 25 жыл бою жаӊы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү!