Turmush — Маратбек Акназаров Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка 2023-жылдын 27-апрель күнү кол коюлган.
Акназаров Маратбек Акназарович 1990-жылы 31-декабрда Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда туулган. Буга чейин Чүй облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп иштеп келген.
- Буга чейин Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгын Дамирбек Калыкбердиев жетектеп жаткан. Ал кызматын тапшырды.
Резюмесин окуу үчүн АКИpress'ке катталыңыз...
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.