Turmush — «Лизинг — бул тийиштүү түрдө таризделген келишим боюнча өздүк жана/же зайымдык каражаттарды инвестициялоого багытталган инвестициянын бир түрү».
Лизингдик каржылоо сыяктуу көрүнүш, өлкөбүздө күндөн күнгө кеңири жайылууда. Бүгүнкү күндө көптөгөн компаниялар белгилүү бир ири объектилерди сатып алуу үчүн лизинг кызматтарын көрсөтүүдө. Алардын кардарларынын арасында жеке жана юридикалык жактар бар. Сатып алынуучу объектилер — бул автоунаалар, курулуш техника жана жабдуулар.
Лизингдик компаниялардын көпчүлүгү кыйла ийгиликтүү жана популярдуу, башкалары көптөгөн суроолорду жаратат. Атайын ушул макала үчүн биз бул тармактын лидерин — leasing.express компаниясына талдоо жүргүзүп чыктык.
Компаниянын карточкасы
leasing.express компаниясы («Лизинг Экспресс Финанс» ЖЧК, ИСН 01907201910094) 19.07.2019-жылы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде расмий каттоодон өткөн. Компаниянын уставдык капиталы 10 миллион сомду түзөт, уюштуруучулардын эсебинен түзүлүп, толугу менен төлөнгөн. ЭИТМК коду компаниянын негизги ишмердүүлүгүнө туура келет — 64.91.0 (финансылык лизинг). Компаниянын жетекчилиги Кыргыз Республикасынын резидент эместеринен турат — компания иш баштаган биринчи күндөн тартып эле бул тууралуу ачык айтып, муну өзүнүн артыкчылыктарынын катарында көрсөтүп келет. Компаниянын башында каржы тармагында 10 жылдан ашык башкаруу тажрыйбасы бар, бардык керектүү билимге, көндүмгө жана квалификацияга ээ адистер турат.
Эмне үчүн лизингде мыйзамга ылайык иш жүргүзүү өтө маанилүү?
Лизингдик компаниялардын ишмердүүлүгү 2002-жылдын 23-июлундагы «Финансылык ижара (лизинг) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынат. Бул ченемдик укуктук актынын максаты финансылык ижарага — лизингге негизделген инвестициянын формаларын өнүктүрүү болуп саналат. Документ ошондой эле менчик укугун, инвестициялык процесстин катышуучусунун укуктарын коргойт жана инвестициянын эффективдүүлүгүн камсыздайт.
Мыйзамдын 5-беренесинин 1-пунктунда лизингдик компания — бул Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына (жана өзүнүн уюштуруу документтерине) ылайык лизинг берүүчүнүн функцияларын аткарган коммерциялык уюм (Кыргыз Республикасынын резиденти жана резидент эмеси) деп көрсөтүлгөн.
Ошол эле учурда, мыйзамдын 5-беренесинин 4-пунктуна ылайык, лизингдик компания Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте юридикалык жана/же жеке жактардан (Кыргыз Республикасынын резиденттеринен жана резидент эместеринен) акча каражаттарын лизингдик ишмердүүлүктү ишке ашыруу үчүн тартууга укуктуу деп көрсөтүлөт.
Бул нормалардан ар кандай четтөө мыйзамсыз болуп саналат. «Лизинг Экспресс Финанс» ЖЧКсы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бардык талаптарына толук жооп берет.
leasing.express'тин инвесторлорго берген кепилдиктери
«Лизинг Экспресс Финанс» ЖЧКсы инвесторлордун алдында бардык мүлкү менен жооп берет. Учурда компаниянын активдери 400 миллион сомдон ашык каражатты түзөт.
Чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө мыйзамдын 23-беренесине ылайык, чет өлкөлүк жарандар Кыргыз Республикасынын жарандары менен жалпы негизде жоопкерчиликке тартылышат. Ошону менен, компаниянын жетекчилиги өлкөнүн жарандыгынын жоктугуна карабастан инвесторлордун алдында толук жоопкерчилик тартат.
leasing.express компаниясынын негизги максаты - Кыргыз Республикасында ийгиликтүү бизнес жүргүзүү жана кардарлар жана өнөктөштөр менен достук жана өз ара пайдалуу мамилелерди сактоо.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын leasing.express'тин бизнеси боюнча оюу
Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык лизингдик ишмердүүлүк атайын лицензия же уруксатты алууну талап кылбайт (2013-жылдын 19-октябрындагы № 195 «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» КР мыйзамы).
Инвестициялык зайымдарды тартуу боюнча иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 34-главасынын 1-параграфы менен жөнгө салынат. КР ГК 724-беренесине ылайык, зайым келишими боюнча бир тарап (зайым берүүчү) экинчи тарапка (зайым алуучуга) акча же түрдүк белгилери аныкталган буюмду берет, ал эми зайым алуучу ошол эле суммадагы акчаны (зайым суммасын) же ошондой эле түрдөгү жана сапаттагы буюмдарды кайтарып берүүгө милдеттенет. КР ГК 725-беренесинде зайым келишими жазуу жүзүндө түзүлүүгө тийиш экендиги белгиленген.
Муну жөнөкөй сөз менен түшүндүрүүгө аракет кылалы. Лизинг келишими боюнча, лизинг берүүчү-компания сизге-лизинг алуучуга, белгилүү бир акы алуу менен өзүнүн мүлкүн пайдаланууга уруксат берет. Мында кадимки ижарадан айырмасы, келишимдин мөөнөтү ичинде бир нерсенин (мисалы, унаанын) баасын төлөп, келишимдин мөөнөтү аяктаган соң анын толук укуктуу ээси болосуз.
Инвестициялык зайым келишимин түзүү, зайымды кабыл алган компанияга кайтарып берүү боюнча милдеттенмелерди жүктөөгө алып келет. leasing.express компаниясынын сайтында компания, инвестициялык зайым келишим боюнча күрөөгө кепил берери көрсөтүлгөн, бул ар кандай тобокелдиктерди кыйла азайтаары белгилүү. Көрсөтүлгөн акча каражаттар «Лизинг Экспресс Финанс» ЖЧКсынын инвестордун (зайым берүүчүнүн) алдындагы карызы болуп саналат, ал инвестициялык зайым келишими жана күрөө келишими менен тастыкталат.
Эмне үчүн компания инвестордон киреше салыгын кармап калат?
Муну Кыргыз Республикасынын мыйзамы талап кылат. КР Салык кодексинин 53, 184 жана 197-беренелерине ылайык, «Лизинг Экспресс Финанс» ЖЧКсы инвестордун салык агенти болуп туруп, салык төлөөчү болуп саналган инвестордон киреше салыгын өз алдынча эсептеп жана кармап калат жана бул сумманы Кыргыз Республикасынын тиешелүү бюджетине которот.
Маанилүү учур: компания реалдуу финансылык-чарбалык иш-аракеттерди жүргүзөт, анын аркасында үч жылдан ашык убакыттан бери инвесторлордун алдындагы өз милдеттенмелерин такай аткарып келет. Сиз бул макаланы окуган убакытка, лизингге берилген унаалардын саны 300 даанадан ашат (бул бизнесте абдан күчтүү көрсөткүч –ред. эск.)
Компания жөнүндө бардык маалыматтар анын сайтында ачык жайгаштырылган, каалаган адам leasing.express'тин чарбалык ишмердүүлүгү, уюштуруу документтери жана бекитилген типтүү келишим формалары менен тааныша алат.
Компания социалдык тармактарда өзүнүн аккаунттарын активдүү жүргүзүп, бизнес-форумдарга катышып, жаңы долбоорлорду үзгүлтүксүз ишке ашырып турат. Алардын арасында, мисалы, электр скутерлердин шеринги SunRent жана пауэрбанктардын шеринги «Бери Заряд!», «Лизинг Экспресс Финанс» ЖЧКсы JIA бизнес-ассоциациясынын А категориясы боюнча мүчөсү, ар кандай сыйлыктарга ээ жана эңмыкты лизингдик компания катары бир катар номинацияларда биринчи орунду алган.
Көп жылдар бою leasing.express компаниясы кардарлар үчүн өзүнүн ишмердүүлүгүнүн толук ачыктыгын жарыялап келет. leasing.express укуктук талаада гана иш алып барат.