Turmush — Бүгүн, 3-апрель күнү Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы №11 мектеп-гимназиясынын башталгыч класстарга билим берүүчү имаратын куруу иштери башталып, капсула салынды.
Ага Каракол шаарынын мэри Эрмат Жумаев, Каракол шаардык кеңешинин депутаттары, Ысык-Көл регионалдык шаар-курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Адилет Урбеков, аксакалдар, билим берүү кызматкерлери катышты.
Аталган окуу корпусу 264 балага ылайыкташып, эки кабат болуп, бардык шарттары менен курулат. Аны курууга Каракол шаардык бюджетинен 49 млн сом каралды.
«Бүгүн биз №11 мектепке жаңы имарат кошуп жатабыз. Белгилей кетсек, бул мектеп 900 окуучуга пландаштырылып 1966-жылы курулган. Тилеке каршы, азыркы учурда 3 миңге жакын окуучу 3 кезметте окууга аргасыз болууда. Ар бир класста балдардын саны 50дѳн ашып жатат. Мындан улам быйыл билим берүү тармагына чоң кѳңүл бурулуп, шаар боюнча 7 билим берүү мекемеси жаңы окуу жылына ишке берилет», - деп белгиледи калаа башчысы.