Turmush — Дээрлик 60 жылга жакын убакыттан бери элибизге руханий байлык тартуулап келе жаткан Бишкек шаарынын Мукаш Абдраев атындагы республиканка атайын-орто музыкалык мектеп-интернатына «Кумтөр Голд Компани» фагот жана гобой өңдүү кымбат баалуу үйлөмө аспаптарды алып берди.
Мукаш Абдраев музыкалык мектеп-интернаты музыка жаатындагы кадрларды даярдоо менен бирге, окуучуларга жалпы 11 жылдык орто билим берип, жарым кылымдан бери өз уясынан учуруп келет.
Кыргызстандагы оркестрлердин дээрлик 90 пайыз курамын дал ушул мектептин бүтүрүүчүлөрү түзөт. Бул мектептен Кыргызстандын намысын коргоп, ондогон жылдардан бери дүйнөнүн баардык бурчуна таанытып келе жаткан мыкты музыканттар тарбияланып чыгышкан.
Тилекке каршы, мектептин материалдык — техникалык базасы чектелүү болгондуктан, айрым баалуу аспаптарды сатып алууга мүмкүнчүлүгү жок. Мектеп жамаатынын аталган үйлөмө музыкалык аспаптарды сатып берүү өтүнүчүн «Кумтөр Голд Компани» канааттандырып, жакында эле баалуу белектерди салтанаттуу түрдө тапшырып берди.
Мукаш Абдраев музыкалык мектеп-интернатынын бүтүрүүчүсү, учурдагы директору, филология илимдеринин кандидаты Разия Сырдыбаева «Кумтөрдүн» жалпы жамаатына терең ыраазычылыгын билдирди.
«Мукаш Абдраев музыкалык мектеп-интернаты — бул жөнөкөй мектеп эмес. Бул Кыргызстандын музыкалык интеллигенциясын даярдаган бирден бир уникалдуу окуу жай. Сиздер берген бул аспаптар келечекте ондогон жылдар бою биздин окуучуларыбызга музыканын сыйкырдуу дүйнөсүнө жол ачкан баалуу таберик болуп калмакчы. Өлкөбүздүн сыймыгы болгон жаркын таланттар тарбияланып чыгат деп ишендирип кете алам. Бул үчүн албетте мектептин мугалимдер жамааты болгон аракетибизди жумшайбыз», - деди Разия Сырдыбаева.