Turmush — Бүгүн, 2-февралда Жалал-Абад шаарынын мэринин биринчи орун басары болуп Иманалиев Кубанычбек Бактыбекович дайындалды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борборунан билдиришти.
Жаңы жетекчини эмгек жамаатка шаар мэри Эрнисбек Ормоков тааныштырып, ишине ийгилик каалады.
К.Иманалиев КРдин президентинин администрациясында президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүндө эксперт болуп иштеп келген.
Буга чейин Жалал-Абад шаарынын мэринин биринчи орун басары Сатаров Нурбек Бейшеналиевич өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазгандыгына байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулган болчу.
Макаланын уландысын жана башка бардык маалыматтарды окуу үчүн АКИpress'ке катталыңыз...
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.