Turmush — Кочкор районундагы тургундар чычырканактын мөмөсүн баштыкчаларга салып, сактап башташты.
Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдиргендей, Кочкор аймагында чычырканак көп өсөт. Бирок алардын мөмөсүн эч ким деле пайдаланбайт. Эми тургундар чычырканактарды 30 граммдык, 700-800 граммдык целлофан баштыкчаларга салып, атайын аппарат менен баштыкчаларды бекитип, муздаткычта сактап жатышат.
Чычырканактын мөмөсүнөн кыям, жем, сок чыгарса болот.
Маалымдама:
Чычырканак — көлмөлөрдүн жээгинде, саздуу шалбааларда өсөт. Мөмөсү Е, С, В, В, витаминдерине, каротин, аскорбин кислотасы, органикалык кислоталарга бай. Чычырканак мөмөсүнөн чычырканак майы алынат. Майында А, Е витаминдери, олеин, линол кислотасы бар.
Чычырканак мөмөсү кеч күздө, суук түшө баштаганда жыйналат. Чычырканак майы гастрит, карын, он эки эли ичегинин жарасында, кызыл өңгөч рагы, денедеги күйүктү, үшүктү дарылоодо, гинекологияда пайдаланылат.
Макаланын уландысын жана башка бардык маалыматтарды окуу үчүн АКИpress'ке катталыңыз...