Turmush — Алманбет кызы Улара Суусамыр өрөөнүндө, Бишкек—Ош жолунун боюнда кышы-жайы дебей соода кылып, ата-энесине жардам берип келет. Ал 2003-жылдын 16-апрелинде Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Биринчи май айылында жарык дүйнөгө келген.
Ата-энем 3 баладан кийин, 13 жылдан соң мени жарыкка алып келишкен
- Үй-бүлөдө 4 бир туугандын эң кенжеси болом. Ата-энемдин көкүрөк күчүгүмүн. Эң кызыгы үй-бүлөдө ата-энемдин 3 баласынан кийин, 13 жыл өткөндөн соң мен төрөлүптүрмүн. Атам Алманбет Изабеков Шаболот баатырдын кыбыраларынан. Апам Бурулкүл Жангазиева Кожомкул атабыздын кыбыраларынан. Эки байкем жана бир эжем бар. Учурда бир туугандарымдын бардыгы үй-бүлөлүү, бала-бакыралуу болуп калышкан.
2019-жылы Биринчи май айылындагы Сатынбай Карабеков атындагы орто мектептин 9-классын аяктаган соң, М.Т.Ибрагимов атындагы Кара-Балта техникалык-экономикалык колледжинин сүт жана сүт азыктары факультетине тапшыргам. Аны 2022-жылы ийгиликтүү аяктадым. Бала кезимден телеге чыксам деген кыялымды оорундатуу үчүн ошол эле жылдын күз айларында борборубуздагы К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин журналистика факультетине тапшырдым. Учурда 1-курстун студентимин.
Жайы-кышы жолдо соода кылабыз
- Бир топ жылдан бери Ош—Бишкек жолунда соода кылып келебиз. 1 боз үй, 2 вагон, 1 чатыр жана музоо, тоокторубуз үчүн дагы 1 чатыр менен чыгабыз. Боз үйдө конок тособуз. Ош, Бишкек, Жалал-Абад, Таластан каттаган кыргызстандыктар, чет өлкөдөн келген туристтер боз үйдүн ичине отуруп, ысык нан менен каймак, май токоч жеп, кымыз, саамал, бээнин сүтүнөн ичип, Суусамырдын салкын, таза абасынан дем алып кетишет.
Кээде жайдын аптаптуу ысык күндөрүндө боз үйгө өзүбүз жатып эс алабыз. Биз эс алуучуларды кабыл албайбыз. Анткенин андай шартыбыз жок. Бирок каалоочулар өздөрүнүн чатырларын биздин жаныбызга тигип, 10-15 күн саамал, кымыз жана бээнин көк сүтүн ичип, эс алып кетишет.
Кымыз, саамал жана бээнин сүтүнөн тышкары куруттун түрлөрүн сатабыз. Тактап айтканда, ак курут, чөбөгө курут, ышталган курут жана калемпир курут жасайбыз. Март-апрель айларында Ош—Бишкек жолунун 147-чыкырымына көчүп барабыз. Октябрдын орто ченине чейин иштеп, кеч күздө бээлерди тоого, төргө айдап жиберебиз. Анан ошол эле жолдун 143-чыкырымына вагонубузду сүйрөтүп келебиз. Ал жерде кыш мезгилине карабай соода кылабыз. Окуума байланыштуу дайыма соода кыла албайм. Бирок жума күнү сабагым аяктаган соң, Суусамырга келем. Үйдөн окуума акча албаганга аракет кылам. Болбосо окуума керек деп, улам бирден малды саттырып турмакмын да. Ал жакка кээде мен, кээде апам келип, соодабызды тынбай кылып турабыз.
Суусамырдын кары
- Суусамырда кар абдан катуу жаайт эмеспи. Ошол себептен окуудан кийин үйгө келгенде бир гана соода кылбастан, сууга, дааратканага барчу жолдорду тазалап, кар күрөгөнгө туура келет.
«Жалгыз коркпойсуңбу?» деген суроону бергендер көп. Кичинемден ата-энем өз алдынчалуулукка тарбиялаганынан болсо керек деп ойлойм. Эсимде мындан жети жыл мурун, 12 жашымда Суусамырдагы Корумду жайлоосунда жайлап жүргөнбүз. Апамдын кан басымы жогорулап кеткенине байланыштуу ооруканага түшүп, атам айылга чөпкө кетип, бир короо койду, музоолуу 2 уйду карагам. 4 күн коркпой-үркпөй эле кой кайтарып жашагам.
Суусамыр — туристтердин мекени
- Жайкысын биз дем алыш күн дегенди унутуп коёбуз. Күнүбүз эртең менен саат 05:00дө туруп, уй саап, музоолорго сүт, тоокторго жем берип, сүт тартып, айран уюткандан башталат. Күн чыккандан күн батканга чейин бээ саайбыз. Күндүн ысык-суугуна карабай саай беребиз. Айрыкча кеч күздө аба ырайы кескин өзгөрүп, бээ, уй саап жатканда сөөк какшаткан суук болот. Бирок, биздин иш аны карап отурбайт. Кандай болсо да жасашыбыз керек болот. Уй сааганга караганда бээ сааган жеңил. Бирок кооптуу. Себеби жылкы баласында дагы адамдардагыдай эле кыял бар. Жоошу, азоосу, тебенеги да болот. Жайдын саратан күндөрүндө көгөн сыяктуу курт-кумурскага чыдабай же үркүп тээп жиберген учурлар да аз эмес.
Көп жылдан бери Суусамыр туристтердин мекени болуп калды. Бизге көбүнчө Сауд Арабиядан, Россия, Америка, Кытайдан көп келишет. Биздин боз үйүбүзгө кирип, кымыз, саамал, көк бээнин сүтүнөн ичип, каймак, чөбөгө, май токочубуздан жеп, экологиялык жактан таза тамактарыбызга таң берип кетишет. Болжол менен күнүнө 100гө жакын кардар тособуз.
Турист десе эле оюма 5 жыл мурунку окуя эске түшөт. Ош—Бишкек жолуна жаӊы келген жыл эле. 14 жаштамын. Уй саап жатсам, арабдар келип, уюм экөөбүздү телефондоруна тартып баштады. Мен эмес, уюм деле андай арабдарды биринчи жолу көрдү да. Айтор тигилердин үрктүбү, чакамды тээп, сүтүм төгүлүп, казыкта байланып турган жибин үзүп, качып кетти. Анан экинчи уюмду качырбай саап, арабдарга 5 литр сүттү 700 сомго саткам. Ойлоп көрсөм, ошол убакта сүттүн литри жыйырма эле сом болчу.
Макаланын уландысын жана башка бардык маалыматтарды окуу үчүн АКИpress'ке катталыңыз...