Turmush — Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Ак-Терек айылынын 24 жаштагы тургуну Бактыяр Шабданбаев атасы экөө өз колдору менен погрузчик жасашты. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.
«Атам Шабданбаев Марат Чычкандаевич устачылык менен 30 жылдан бери алектенет. Экөөбүз интернет аркылуу погрузчик жасаган видеону көрүп, биздин да жасоого кызыгуубуз арта түштү. Анан кошунабыздан “Жигули 2106” үлгүсүндөгү арзан унаасын сатып алып, ошону менен курап чыкканбыз. Азыркы тапта жакшы иштеп берип жатат.
Керектүү жабдыктар курулуш материалдарын жана унаа тетиктерин саткан дүкөндөрдөн алдык. Жалпы 80 миң сомдун тегерегинде акча сарпталды. Азыркы тапта япон мини погрузчиктер көп келип жатат, бирок баалары дагы кымбат. Биздики арзан болсо да, Японияда жасалган погрузчиктерден кем калбаган жумушту аткарат.
Мындан сырткары чөп престегич жасап көрдүк. Конок үйдүн стол жана стулдарын, үйдүн тепкичинин кармагычтарын кооздоп жасайбыз. Эл буюртма беришет, бааларын келишип алып, анан жумушту баштайбыз. Келечекте чакан ишкана ачсакпы дейм. Ошол жерден тиричиликке керектелүүчү көптөгөн буюмдарды чыгарсак деген ой-максаттарым бар», - деди ал.