Turmush — Beeline чек ара чатагынан жапа тарткан Баткен облусунун айылдарынын балдарына жаңы жылдык белектерди тартуулайт.
Уюлдук оператор Максат айылынын жаш тургундары үчүн чыныгы жаңы жылдык майрам уюштуруп берди. Балдар Аяз атага ырларды окуп берип, андан жаңы жылдык белектерди алышты.
Ошентип, Beeline Баткен окуяларынын жүрүшүндө жапа тарткан чек арадагы айылдардын балдарына колдоо көрсөтүүнү чечти. Анткени, кандай жагдайлар болбосун, алардын майрамы болушу керек. Ал эми Жаңы жыл болсо жылдын эң жаркын жана сүйүктүү окуяларынын бири.
Майрамдык маанайды түзүү үчүн компания Аяз атанын катышуусу менен театрлаштырылган көрсөтүүнү эле уюштурбастан, ошондой эле иш-чараны өткөрүү ордун жаңы жылдык атрибуттар менен кооздогон.
Максат айылы — Баткен облусундагы чек арадагы куралдуу чыр-чатактын айынан эң чоң жапа чеккен элдүү пункттардын бири. Жергиликтүү калк болуп өткөн окуядан кийин азыркыга чейин материалдык жагынан дагы, психологиялык жагынан дагы калыбына келе элек. Аларга колдоо көрсөтүү үчүн элдин көңүлүн ачып, келе жаткан жаңы жылда бейпилдикке жана тынчтыкка шыктандыруу үчүн компания айылдын балдарына жаңы жыл алдындагы майрамды уюштуруп жатат.
Мындан башка Баткен облусунун жети айылынын балдары дагы Beeline'дан жаңы жылдык белектерди алышат. Анткени Жаңы жыл дайыма жакшылыктан үмүттөндүрөт эмеспи.
«Компаниянын башкы баалуулуктарынын бири болуп өз абоненттери менен жакындарына камкордук көрүү эсептелет. Ошондуктан биз региондордогу биздин абоненттерди колдоо үчүн ар кандай акцияларды дайыма өткөрүп келебиз», - дейт Beeline Кыргызстан компаниясынын өкүлү.
Сиздерге камкордук менен Beeline!