Turmush — Ош облусунун Алай районунун Сары-Таш айыл аймагы — райондогу эң алыскы айыл өкмөттөрдүн бири. Райондун борборунан 104 чакырым алыстыкта жайгашкан. Шарты катаал, деңиз деңгээлинен 3200 метр бийиктикте турат.
Марлис Тынчтыкбек уулу 25 жашынан тартып, тактап айтканда 2021-жылдан бери аталган айыл өкмөттү жетектеп келет. Райондогу эң жаш айыл өкмөт башчы болгонуна карабай, өткөн жылы Алай району боюнча «Эң мыкты айыл өкмөт» наамына ээ болгон. Айыл эли таза суу менен толугу менен камсыздалып, бир топ социалдык объекттер курулуп, жашоочуларга жакшы шарттар түзүлгөн.

Айыл аймагында 1 жыл ичинде аткарылган жумуштар, жетишкендиктер тууралуу сөз кылабыз.
Жергиликтүү тургундар 100% таза суу менен камсыз болгон
Айылдагы эң орчундуу көйгөйлөрдүн бири бул — таза суу маселеси. Сары-Таш айыл аймагында быйылкы жылы бардык социалдык объекттерден тартып, жергиликтүү тургундардын баары таза суу менен камсыздалган.
2022-жылдын 22-сентябрында Сары-Таш айылында Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган жана Министрлер кабинетинин колдоосу менен Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги тарабынан ишке ашырылып жаткан «Айылды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү» долбоорунун алкагында курулган суу менен камсыз кылуу системасынын ачылышы болду. Айылдын калкын ичүүчү суу менен камсыз кылууну көздөгөн долбоордун алкагында объектте 28 млн 24 миң сом суммасындагы төмөнкү иштер аткарылган:
- суу алгыч курулма (каптаж) куруу;
- 2 резервуар курулду;
- хлоратордук жабдуулар орнотулду;
- жалпы узундугу 1417 м болгон айылдын суу түтүгү жана бөлүштүрүүчү тармактары курулду;
- сууну эсептөө приборлору (эсептегичтер) орнотулган.
Мындан тышкары айылдагы бардык социалдык объекттер суу менен камсыз кылуу системасына кошулду. №39 К.Эсенов орто мектебинде кол жуугучтарды орнотуу жолу менен санитардык шарттар жакшырган.
Ошондой эле долбоордун алкагында суу менен камсыз кылуу боюнча «Жаңы Сары-Таш» муниципалдык ишканасы түзүлдү. Курулган суу менен камсыз кылуу системаларын мындан ары туруктуу пайдалануу максатында ишкананын бардык кызматкерлери үчүн техникалык пайдалануу боюнча окутуу жүргүзүлүп, кеңсе жабдуулары менен камсыз болгон. Биллинг системасы орнотулуп, суу менен камсыз кылуу системасын техникалык пайдалануу үчүн жабдуулар топтому берилген. Учурда жергиликтүү тургундардын 100%ы таза суу менен камсыз болду.
Айыл өкмөт тараптан колдоо
Жаңы түзүлгөн «Жаңы Сары-Таш» муниципалдык ишканасынын кызматкерлерин колдоо максатында айыл өкмөт тарабынан 100 миң сом каражат каралган. Бөлүнгөн каражатка жайкы, кышы форма, бут кийимдер жана 4 даана моторолла, 4 даана фонарик, керектелүүчү буюмдар алынып берилген.
Айыл өкмөттөгү спорт тармагы
Спорт тармагында да бул жылы жаңылануу болду. Буга чейин мектептин спорт залы авариялык абалга келгенине байланыштуу жаңы спорт зал курулуп, кызыл тасмасы кесилди.
Спорт залдын курулуш иштери 2021-жылдын 20-сентябрь айында башталып, 2022-жылдын 22-сентябрында бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Жалпы сметалык баасы 21 млн 867 миң 400 сомду түздү. 31-август — Эгемендүүлүк күнүнө карата аталган спорт залда спорттун волейбол түрү боюнча акимдин кубогу коюлуп, чоң турнир өткөрүлдү.
Балдарга кам көрүү
«Балдар жердин жандуу гүлдөрү» демекчи, бул жылы жаш бөбөктөргө да жакшы шарттар түзүлдү.
«Алтын Бешик—Жибек Жолу» балдар бакчасына дем берүүчү гранттын эсебинен ашкана менен ажаткана жаңыдан курулуп, ушул жылдын 22-сентябрь күнү ачылуу аземи болду.
Курулуштун жалпы сметалык баасы 4 млн 702 миң 385 сомду түзсө, анын ичинен өздүк салым 1 млн 702 миң 400 сом болду.
№40 Ы.Мону атындагы орто мектебинин жылытуу системаларынын эскилиги жеткендигине байланыштуу, толугу менен жаңыланды. Сметалык баасы 1 млн 29 миң 139 сом, өздүк салым 154 миң 400 сом. Дем берүүчү грант тарабынан каржыланды.
№39 К.Эсенов атындагы орто мектеби авариялык абалда болгондугуна байланыштуу, жаңы 150 орунду мектептин курулушу башталды.
«Капиталдык салымдар» беренесинин титулдук тизмесине киргизилип, «Эрбол Строй сервис» ЖЧК 86 млн 945 миң 122 сомго тендерден уткан. Алгач 5 млн сом акча каражаты бөлүнгөн. Кийинчерээк 10 млн сом каралган. Бүгүнкү күндө пайдубалы түптөлүүдө.
Көпүрөгө болгон муктаждык чечилди
Жергиликтүү тургундардын муктаждыгын чечүү максатында узуну 24 метр, туурасы 3 метр болгон көпүрөнүн курулуш иштери башталган. Сметалык баасы 6 млн 593 миң 417 сомду түзүп, бүгүнкү күндө Ош облустук өнүктүрүү фонду тарабынан 2 млн 8 00 миң сом акча каражаты бөлүнүп, тендерден «Ош инженерстрой сервис» ЖЧК утуп, бөлүнгөн жумушун аяктап бүттү.
Бердибай Примович тарабынан 40 тонна цемент, 2 тонна арматура берилди. Калган жумушту аткарууга «Мадан» ЖЧК менен 2 млн 433 миң 714 сомго келишим түзүлдү.
Нура айылын таза суу менен камсыз кылууга аракеттер жүрүүдө
Нура айылында таза суу жоктугуна байланыштуу «Капиталдык салымдар» беренеси аркылуу каржыланат. 2022-2023-жылдардын каржылануучу титулдук тизмесине киргизилди. Акча каражаты бөлүнсө, таза суунун долбоорун даярдоого керектелүүчү документтер даярдалат.
Карысы бардын, ырысы бар
1-октябрь — Карыялар күнүнө карата 46 кары-картаңга акчалай жардам жана айыл өкмөттөн белектер берилди.
Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө көмөк
Бириккен улуттар уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин биргелешкен долбоорунун алкагында Сары-Таш айылынын инфратүзүмдөрүн жакшыртуу боюнча долбоор жазылган. Анын алкагында айылга суу тартып келүү иштериндеги кол жумуштарына 50 адам тартылган. Жумушсуздукту кыскартуу максатында аз камсыз болгон, жумушсуз 50 катышуучу иштеп, ар бирине 150 килограммдан ун жана 15 литрден өсүмдүк майы берилди.
Жол маселеси
Сары-Таш айылындагы 2 чакырым жолго асфальт төшөө жумуштарынын долбоору айыл өкмөтү тарабынан 230 миң сомго жасалды. Даярдалган долбоор өкмөттүн «Капиталдык салымдар» беренесине жиберилген. 2023-жылы каржы маселеси чечилип калса, 2 км жолго асфальт төшөлөт.
Айыл өкмөтүнө караштуу 1000га жерди өздөштүрүп, тоют базанын түзүү максатында долбоор даярдалууда. Долбоор даярдоого 360 000 ( үч жүз алтымыш) миң сом акча каражаты керектелет. Бул акча каражаты Ош облустук өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланат.
«Тоют база» түзүүгө аракеттер
Сары-Таш айыл аймагынын элинин негизги кирешеси — мал чарбачылыгы. Жергиликтүүлөр жыл сайын тоют камдашат. Мындан улам айыл өкмөт тарабынан «Тоют базасын» түзүүгө 1000 гектар жер өздөштүрүлүп, долбоор даярдалууда. Долбоор даярдоого 360 миң сом керектелет. Акча каражаты Ош облустук өнүктүрүү фондунан каржыланат.
Элет өнүксө, өлкө өнүгөт! Инвестиция тартуу менен жумушчу орундарды түзүү жолго коюлууда
Инвестиция тартып, жергиликтүү бюджетти көтөрүү максатында Эркештам тилкесинен айыл чарбасына жараксыз жерден 18,5 га жерге оор жүк ташуучу унааларды жууп-тазалоого дизбарьер куруу пландалып, жер ажыратылган. Бул долбоор ишке ашса, жылына айыл өкмөткө соцпакет, жер салыгы болуп 3 млн сомдон ашык акча каражаты жергиликтүү бюджетке түшөт. Жумушчу күчтүн 50% пайызы жергиликтүү тургундардан тартылат.
Учурда инвестор менен айыл чарбасына жараксыз болгон жерге жыл аягына чейин 647 миң 500 сом акча каражатты төлөп берүү макулдашылган. Бүгүнкү күндө 555 миң сом акча каражаты төлөндү.
Муниципалдык унаа токтоочу жай курулат
Эркештам участкасына оор жүк ташычуу унааларга муниципалдык унаа токтоочу жай куруу пландалган. Ал үчүн иштетилбей турган 2 га жерди кайтарып алуу үчүн иш жүрүүдө. Учурда жергиликтүү тургундар тарабынан чоң жолдун айланасы иретке келтирилип, алты жаран кызмат көрсөтүп жатат.
Заманбап аялдамалар курулат
Сары-Таш айылы тогуз жолдун тому болгондугуна байланыштуу жана жергиликтүү тургундарга ыңгайлуу шарт түзүү максатында заманбап аялдама куруу пландалган. Учурда долбоору даярдалды. Жалпы сметалык баасы 242 миң 851 сомду түздү.
Сары-Таш айыл өкмөтү 65% дотацияда турат. 2021-жылы бюджети 14 млн сомго бекитилген болсо, 2022-жылга карата 15 млн 258 миң 200 сомго көтөрүлдү.