Turmush — Талант Насырынбеков «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Жумгал райондук филиалынын жетекчиси болуп дайындалды. Ал Ак-Талаа районунан ротация жолу менен которулуп келди.
Насырынбеков Талант Ыманбекович 1983-жылы 16-декабрда Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Ак-Кыя айылында туулган. Ал буга чейин Ак-Талаа райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп жаткан.
Ал эми буга чейинки жетекчи Айбек Жумалиев Ак-Талаа районуна баруудан баш тартып, ушул эле мекеменин каттоо кызматында катардагы кызматкер катары калууну суранып, калып калган.
- Ушул жылдын сентябрь айында башкы прокурор Курманкул Зулушев Жумгал районундагы жашоочулар менен жолугушканда «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Жумгал райондук филиалынын ошол учурдагы жетекчиси Айбек Жумалиев сынга кабылган.
Жыйын учурундагы видео:
Эмгек жолун Turmush басылмасына катталуу менен окуңуз.