Turmush — Ар бир өспүрүм кыз үчүн өзүн корголууда экенин сезүүсү өтө маанилүү. Bella менен өзүнө болгон ишеним жана жайлуулук кепилдиги бар.
- Апаке, мага сиздин кеңешиңиз керек. Кайсынысын тандайын? – деп сурады 13 жаштагы кызы колундагы бир нече куту төшөмөлөрдү көрсөтүп.
– Сиздики мага туура келбей жатат, алар аябай эле чоң жана ыңгайсыз экен…
Убакыт учкан куш. Шейшептин гүлдүүсүнбү же жаныбарлар сүрөттүүсүн алалыбы деген маанилүү маселе кечээ эле болгондой сезилет. А бүгүн бир дагы шопинг бой жеткен канбийкесиз өтпөйт. Ал арада косметика бөлүмүнө да сөзсүз баш багуу керек.
Дүкөн текчелеринде сунушталган заманбап интимдик каражаттардын түрүнүн көптүгүнөн, чындыгында, байкалбай бир бурчта калып кетүү жеңил эле. Жумшак үст катмарлуу же тордолгон «канатчалары» менен, же ансыз, жыпар жыты менен же «нейтралдуу» төшөмөлөр...
Ошончо таанылган бренддердин арасында Bella соода маркасынын өспүрүм кыздар жана жаш селкилер үчүн атайын иштелип чыккан гигиеналык каражаттары өзгөчө көңүл бурууга арзыйт. Bella for teens тинейджерлер (өспүрүм кыздар) жана жаш селкилер үчүн бүтүндөй бир продукция сериясын ичине камтыйт. Бул тизмекте (линияда) сунушталган төшөмөлөрдү бириктирген эң башкы белгиси — ич кийимге ишенимдүү бекитилиши жана ультра ичкелиги (жукалыгы). Bella продукциясынын бул эки сапаты тең күнүгө ишенимдүү коргонууга кепилдик берет. Өндүрүүчү «бантик» жөнүндө да кам көрдү. Назик принт (басмасы), тордолгон гүлдүү кырлары, жумшак каптамасы кыздарга жагат, албетте! Ал эми энелерди болсо жагымдуу баасы кубандырбай койбойт.
Маанайына, темпераментине жана абалга жараша сунушталган гигиеналык каражаттар тизмегинен ар ким өзү каалаган түрүн таба алат.
Баарынан да эркиндикти, жайлуулукту жана активдүү жашоо образын баалаган эмоциалдуу кыздар үчүн сөз жок Bella for teens Sensitive туура келет. Калыңдыгы 2 мм болгон төшөмөлөр баркыт сымал жумшак, токулбаган extra soft материалы менен капталган. Ал терини дүүлүгүүдөн эффективдүү коргойт, ал эми дем алуучу (AIR) катмары жайлуулук сезимин тартуулайт. Ушул эле сериянын калыңдыгы 1 мм болгон экстра ичке (жука) күнүмдүк колдонулуучу, эч кандай жыпар жыт кошулбаган гигиеналык каражаттарын териси сезимтал, аллергия жана дүүлүгүүгө жакын кыздар колдонгонго болот.
Романтикалуу жана кыялкеч жаш лэдилер үчүн жеңил жана ишенимдүү сезим тартуулаган, көк чайдын назик жыпар жыты менен Bella for teens Relax күнүмдүк колдонулуучу төшөмөлөрү эң мыкты тандоо болуп берет. Ал эми тайманбаган көңүлдүү жана жаны тынбаган кыймылда болгон кыздарга Bella for teens Energy цитрус сериясы жагары шексиз. Өзгөчө күндөр үчүн төшөмөлөр нымды бат сиңирип, өзүндө кармап туруучу жумшак жибек торчо менен, а күнүмдүк колдонулуучу төшөмөлөр болсо, гүл үлгүсү түшүрүлгөн жумшак токулбаган материал менен капталган.
Айтор, мындай көп түрдүүлүктөн өзүнө жаккан продукцияны тандоо кыйынчылык жаратпайт. Биз акыры өз тандообузду жасадык, эмне керек болсо, жеке гигиена каражаттары текчесинен таптык.
- Апаке! Карачы, кандай чоң жумшак тукаба аюу! – деп, чоңоюп калган канбийке оюнчуктар бөлүмүнө ээрчитет.
Кыз бала деген ушундай болот экен...