Turmush — Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде мамлекеттик тилдин 33 жылдыгына карата белгиленген бир айлыктын алкагында бардык студенттер үчүн айлампа иретинде санариптик форматтагы «Кыргыз тилинин 5 керемети» аттуу семинар өткөрүлдү. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.
Семинар окуу жайдын мамлекеттик тилди өнүктүрүү борбору тарабынан ар бир факультеттке жана колледжге өз-өзүнчө уюштурулду. Аталган саамалык жаштардын жан дүйнөсүн руханий жактан толтурууга багытталды. Алардын тилге, улуттук маданиятка карата көз карашын туура нукка багыттап, келечек муундун китепкөй, адеп-ахлактуу, мекенчил жана мугалимдик улуу кесиптин мыктысы болууга үндөп, аны менен биргеликте маалыматтык чөйрөдө сабаттуу жаштардын катарында турууга, социалдык тармактарда одоно каталарга жол бербөөгө, кыргыз тилинин тилдик нормаларын сактоого чакырык жасалды. Мындан тышкары адистиктерге багытталган мезгилдин талабына шайкеш келген түрдүү инновациялык жана технологиялык сабактарды түзүүнүн ыкмалары тууралуу маалыматтар берилди.
«Кыргыз тилинин мамлекеттик тил макам алганынын 33 жылдыгына карата ОшМПУда 15-сентябрдан 15-октябрга чейин бир айлык жарыяланган. Анын алкагында жетекчилик тарабынан атайын иш план бекитилип, учурда этабы менен иштер аткарылып жатат. Буга чейин факультеттерде ачык табиялык саат, улуттук көргөзмө, сынак, конок лекция, семинар сыяктуу түрдүү иш чаралар уюштурулду. Кийинки жумада бир айлыктын расмий түрдө жыйынтыктоо кечеси уюштурулуп, саамалыкка активдүү катышкан факультеттер, студенттер жана окутуучуларга сыйлыктар ыйгарылмакчы», - деп айтылат маалыматта.