Turmush — Чолпон-Ата шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында өткөрүлгөн эл аралык Ысык-Көл оюндарында Ош технологиялык университетинин окутуучулары байгелүү орундарды ээлешти.
Окуу жайдын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, классикалык волейбол боюнча 50 жашка чейинки эркектер арасында оюнда Санжар Исманов 3-орунду, стол тенниси боюнча Эльдияр Гаипов 1-орунду жана стол тенниси боюнча Роза Исмалиова 3-орунду камсыз кылды.
Аталган спортчуларды ОшТУнун ректору Жанболот Турсунбаев кабыл алып, дайыма окуу жайдын, өлкөнүн намысын бийик көтөргөн спортчулардын катарында болуусуна тилектештигин билдирип, ийгилиги менен куттуктады.