Turmush — Бүгүн, 15-сентябрда Бишкек мамлекеттик университетинде ректорлордун дүйнөлүк форумунун алкагында «EXPO-2022» эл аралык билим берүү көргөзмөсү өтүп жатат. Иш-чарага Ош мамлекеттик университетинен да делегация барды.
Ага 60 университеттин ректорлору, белгилүү окумуштуулар, бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү, чыгармачыл интеллигенция, эл аралык билим берүү уюмдары катышууда. Программа боюнча Ош мамлекеттик университетинен барган делегация живопись, графика, скульптура жана керамика боюнча эмгектер коюлган «Арт зона», булгаарыдан, кийизден жасалган сувенирлер, улуттук баалуулуктар камтылган «Этнозона», студенттердин колунан жасалган ар кандай архитектуралык объектилердин макеттери, жаңы компьютердик программалар, робототехника жана илимий иштер коюлган «Студенттик стартап» көргөзмөлөрүн тартуулап жатышат.
Көргөзмөнүн максаты инновациялык экосистемалардын жогорку окуу жайларындагы ролун көрсөтүү, студенттердин жана мугалимдердин колунан жаралган инновациялык ойлоп табууларды бир жерге чогултуу болуп саналат.