Turmush — Базар-Коргон районунун Кызыл-Октябрь айылынын 42 жаштагы тургуну Кылычбек Артыков 11 жылдан бери өрт өчүрүүчү жана куткаруучу болуп эмгектенип келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.
Өзүнүн айтымында, 2001-жылы мектепти аяктап Ош технологиялык университетине бажы тармагы боюнча окууга тапшырган. Аны 2008-жылы аяктап, жумушка орношо албай, айылда дыйканчылык кыла баштаган. Кийинчерээк үйлөнүп, Жалал-Абад шаарына көчүп келип, 2011-жылы Жалал-Абад шаардык өрткө каршы кызматына жумушка кирген.
«Ал кезде өрт өчүрүүчү жана куткаруучу деген кызматта иштечүм. Бул тармакта буга чейин иштебегендиктен биринчи келгенде абдан кыйналып жүрдүм. Бирок бизден жашы улуу агалардын көмөгү менен жумушту тез эле өздөштүрүп кеттим. Эмгек жамаат абдан ынтымактуу. Кээде бири-бирибизге билбегенди үйрөтүп иштеп келе жатабыз.
11 жылдык иш тажрыйбамда эң өкүндүрүп, эсте калганы өткөн жылы Жалал-Абад шаарынын Курманбек кичи районундагы үйдөн өрт чыгып, бир үй-бүлөдөн 3 киши каза болгон окуя болду. Анткени бир үй-бүлөдөн балдары энеси наркы дүйнөгө узап, жалгыз гана атасы калган. Биз куткаруучулар жалынды өчүрүп, үй ичине киргенде апасы жана кыздары бар экен. Мен ошондо 3 айлык наристенин жансыз денесин сыртка көтөрүп чыккам. Ошол мен үчүн ушунчалык оор болгон. Себеби өзүм да ата болгондуктан жүрөгүмө жакын алып, көпкө чейин ошол окуяны унута албай кыйналгам. Негизи өрт өчүрүчүү ар кандай кырдаалда моралдык жактан да физикалык жактан да даяр болуусу зарыл экен», - деди ал.
Куткаруучунун тажрыйбасындагы дагы бир оор учур 2019-жылы нефтини кайра иштетүүчү ишканада чыккан өрт кырсык болгон. Себеби ошол учурда куткаруучулардын коргоочу кийимдери болбогондуктан кадимки кийим менен үстүлөрүнө суу чачып алып иштешкен. Жалынга кийимдерден жеңдери күйүп кеткен.
«2019-жылдын 10-май күнү кадимкидей эле жумушка келген болчубуз. Ошол күнкү нөөмөттө мен болчумун. Ошол учурда Рамазан айы болгондуктан бизде көпчүлүк кызматкердер орозо болчу. Бир учурда калаанын өндүрүштүк зонасында мунайды кайра иштетүүчү заводдо өрт чыкканы тууралуу маалымат түштү. Окуя болгон жерге барсак, чындыгында өрт абдан катуу экен. Мунай сакталган цистерна өрттөнүп, ага чыкчу темир тепкич ээрип түшүп калыптыр. Ал кезде азыркыдай жаңы техника, коргоочу кийимдер жок болчу. Канчалык кыйын, канчалык оор болсо да цистернага жакын барып, жалындап жаткан өрттү өчүрүүгө туура келди. Ысык жалындан формаларыбыздын жеңдери ээрип түшүп калган. Бир учурда УКМКнын азыркы төрагасы Камчыбек Ташиев да келе калып, коргоочу кийими жок бизге жардам берип жүрөт. Ошол окуя такыр эстен кетпейт. Мен үчүн эң оор күн катары эсте калды. Тилсиз жоону өчүрүүгө Сузак, Базар-Коргон районунан коңшу Ош облусунан өрт өчүрүүчүлөр тартылып, толугу менен өчүрдүк. Кийинчерээк 650 тонна дизелдик отун, 70 тоннадай бензин өрттөнгөнү айтылган.
Кесиптештерим менен ушул кезге чейин ушул кесиптин ысык-суугуна карабай иштеп келе жатам», - деди ал.
Кылычбек Артыков 1 уул, 1 кыздын атасы.