Turmush — Турсунбаев Жанболот Жанышович М.М.Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин ректору болуп дайындалды. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.
Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Ош технологиялык университетине атайын иш сапары менен келди. Окуу жайдын жалпы жамааты менен жолугушуп, жаңы дайындалган ректор менен тааныштырды.
Кыргыз Республикасынын билим берүү мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, жогорку окуу жайлардын ректорун шайлоо жолу эмес, дайындоо аркылуу аныктоо жолго коюлган. Бул мыйзамдын күчүнө кириши менен ОшТУга техника илимдеринин кандидаты, доцент Турсунбаев Жанболот Жанышович ректор болуп дайындалды.