Turmush — Өздүк чакан чарбагында малинанан «Геракл» сортун өстүрүп, 300 миң сомго чейин киреше табууну көздөгөн Айжан Беккулова Чүй облусунун Москва районуна караштуу Беловодск айылынын 50 жаштагы тургуну.
Анын жашоосу менен аймактык кабарчы таанышты.
«Менин кесибим мугалим. Райондогу №1 Ак-Суу орто мектебинде эмгектенем. Албетте, ал жумушум өз жолу менен деңизчи. Үй жумуштарында да багбанчы, фермер болуп кетем. Жолдошум Куттубек экөөбүз акыркы жылдары өздүк корообузга малинанын "Геракл" сортун өстүрүп жатабыз. Айтууга оңой, көрүүгө жеңил болгону менен малина өстүрүү тыным албаган жумуш экен. Жаз алды менен түбүн жумшартып, ар бир сабын бутап, убагында суу берип дегендей... Быйыл өткөн жылга салыштырмалуу түшүмдүүлүк жакшы. Өткөн жылы 250 миң сомго чейин киреше болсо, быйыл 300 миң сомго жетет деген оюбуз бар. Эгер ар бир иштин сырын терең үйрөнүп, анын түмөн түйшүгүнө чыдасаң, Жер эне да мээримин төгөт тура», - деди ал.
Ал өз сөзүндө төмөндөгүлөргө токтолуп: «Жолдошум Куттубек экөөбүз 4 балалуу, 2 неберелүү болдук. Балдарыбыз бой жетип, түрдүү кесипке ээ болуп, үй тиричилигинде бизден алган сабакты колдонуп жатканына кубанып калабыз. Көрсө, байыркылар: "Уядан эмнени көрсөң, ошону аласың" деп таасирдүү айтышкан экен. Жолдошум кесиби боюнча маданият кызматкери. Үй жумушуна өтө тың.
Жер алдынан суу чыгарып, малинанын ар бир жөөгүн атайын темир түтүктөр менен да тамчылатып сугарат. Эми бизде өтө мактана турган деле чоң эгин талаабыз жок. Болгону 22 жөөк малинабыз бар. Анын 4 жөөгүн бузуп, кайрадан жаңы көчөт отургуздук. Эми 18 жөөк менен түшүмдүүлүк жогору», - деди.