Turmush — Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында курулуп бүтө элек цемент заводу жайгашкан. Бул объекти учурунда Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Кубанычбек Жумалиев курдурган.
Айрым маалыматтар боюнча, учурда объект иштетилбей турат.
2021-жылдын апрель айынын ортосунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети депутат (ошол учурда) Кубанычбек Жумалиев бюджетке 1 млрд сомдон ашык акча төлөгүнү тууралуу малымат тараткан.
УКМК ал учурда коомчулукта резонанс жараткан бир катар кылмыш иштер боюнча териштирүү жүргүзүп жаткан.
УКМКнын маалыматына караганда, Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин үстүнөн козголгон кылмыш ишти тергөө учурунда аткаминерди жазык жоопкерчилигине тартуу үчүн жетишерлик далилдер табылган.
«Учурда Жумалиев өз ыктыяры менен мамлекетке 1 млрд сомдон ашык каражатын — акчасын, коммерциялык активдерин жана кыймылсыз мүлкүн өткөрүп берди», - деп айтылган маалыматта.
Ал учурда цемент заводун 955 млн сомго баалашкан. Объект Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна өткөрүлүп берилиши керек болчу.
Маалыматты толугу менен Turmush басылмасына катталуу менен окуңуз.