Turmush — Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Жийде айылынын 67 жаштагы тургуну Сүйүмкан Матисакова 40 жылдан бери багбанчылык менен алектенет. Жылына 10 миңге жакын көчөттү базарга сатыкка чыгарган багбан айымдын үй-бүлөсү бир топ жыл мурун токой жаңгагынын көчөтүн отургузган. Гектарлаган жерди бакчага айландырган багбан үй-бүлө менен аймактык кабарчы таанышты.
Сүйүмкан Матисакова үйүнүн алдындагы эки түп токой жаңгагынан (фундук) акыркы 5-6 жылдан бери түшүм алып жатат. Былтыркы жылы биринчи жолу токой жаңгагынын көчөтүн базарга сатыкка чыгарышты. Быйыл да көчөт сатууну көздөп жатышат. Ал адегенде көчөт тигүүнү колго алган жолдошуна көмөк көрсөтүп жүрүп, багбанчылыкка өзү да аралашып калган. Кезегинде жаз алдында күнүнө 500дөй көчөттү кыйыштырууга күчү жетчү. Бул жумуштарды кыздарына, күйөө балдарына, келиндерине чейин үйрөтүп койгон.
Анын айтымында, акыркы 4-5 жылдан бери гана көчөт кыйыштырууга күчү жетпей калганы менен көчөттөрдүн өсүүсүн, бак-дарактардын сугарылышын өзү көзөмөлдөп турат. Жолдошу экөө тиккен гилас бак жакшы түшүм берип, акыркы 3-4 жылдан бери 10 тоннадай гилас жыйнап, сатып жатышат.
«Айылда бош жаткан жерди биринчи жолу жолдошум алып, бак тигип баштадык. 100дөн ашык түп гилас көчөтүн олтургузган элек. Акыркы 4-5 жылдан бери жакшы түшүм берип жатат. Биринчи түшүм алган жылы 1 тоннадай, анан 3 тоннадай түшүм берди. Жолдошум "кемпир, биздин гилас бак да ушундай түшүм берет, фураларга жүктөлүп кетет. Мен акча санап отурам" деп айтып калчу. Муну көп айткан үчүнбү, фура келгенде дайыма жолдошумдун айткандары жаңыра берет. Алгач анын сөздөрүн эстеп, көзүмдөн жаш айланып кетчү. Көзү тирүү болбосо да, менин көкүрөгүмдө ал дайыма тирүү.
Багбанчылыкты жолдошум баштаган, ага жардамдашып жүрүп үйрөнүп кеттим. Ал алысты кошо ойлоп иш кылган жан эле. Балдарыма "атаң эңсеген түшүмдү жыйнап жатабыз, үзүрүн силер көргүлө" деп бата тилеп отурам. Дайыма "балдарың багбанчылыкты таштабасын" деп айта берчү. Балдарым жогорку билимдүү болушту, бирок атасынын кесибин улап кетишти», - деди ал.
Багбан айым 1985-жылдан бери эле жаз алдында Жалал-Абад шаарында 1 айдай көчөт сатууга чыкчу. Жубайлар жазга даярдаган көчөттөрүн биринчи Жалал-Абад шаарына алып чыгып, андан кийин Бишкек шаарына алып барып, сатып көрүшкөн.
«Борбордо көчөт саткандардын баары эле чайкоочулар болгону үчүн биздикин бат эле сатып алып кетишкен. Бара-бара тааныш арттырып, такай көчөт алчу кардарга айлангандар бар. Бизди таанып-билгендер үйүбүздөн деле алып кетишет. Негизинен шабдалы, өрүк, гилас, алманын 3-4 түрү чыгат. Көчөт чыгаруу деле оңой иш эмес. Кыйыштыруу, бүчүр улоо жумуштары бар. Мен күч-кубат бар мезгилде бир күндө 500 көчөткө чейин кыйыштырууга жетишчүмүн. Буттар ооруп, желке уюп, кээде кыйналып каласың. Көчөт деле жөн эле даяр болуп калбайт», - дейт каарман.
Багбан үй-бүлө 10 жыл мурун Бишкек шаарынан токой жаңгагынын 2 көчөтүн алып келишкен. Бул дарактан акыркы 5-6 жылдан бери мөмөсүн терип алышат. Былтыркы жылы биринчи жолу токой жаңгагынын дарагынан көчөт алышты.
«Токой жаңгагы да жаңгактай болуп, мөмөсүн жалбырактын артына байлайт экен. Март айларында гүлдөсө, июль айын этектеп бышып калат. Биз атайын терип алган жокпуз. Анын бышканы утур түшө берет. Күндө эртең менен жерге түшкөндөрүн терип коебуз. Былтыр бир түбүнөн жеке өзүм кичине чака менен 3 чакадай тердим. Бул мөмөнүн салмагы оор, даны толо болот. Биз токой жаңгагын саткан жокпуз, бала-чака кенен жесин дедик. Анан үйгө келген конокторго коебуз. Былтыр токой жаңгагынын уругун эгип көрүп, көчөт чыгардык. Муну уккан тааныштарыбыз базарга жеткирбей, үйдөн эле талап кетишкен. Быйыл былтыркыдан кбүрөөк урук септик, көчөт болуп чыккандан кийинкисин карайбыз», - деди ал.
Алар быйыл жазга 6-7 миң түптөй көчөт даярдашкан. Өздөрүнүн туруктуу кардарлары алып кетет, андан сырткары уулу өзү да көчөт сатат. Багбан айым бак-дарактарга сууну убагында берип туруу керектигин белгилейт. Былтыр өздөрү 1 миллион сомго жакын акчага скважина курушту. 53 метр тереңдиктен тартылып чыккан сууну багбанчы үй-бүлө эле эмес, жайдын күндөрү айыл эли да колдонот.
«Бак-дарактарга кышта сөзсүз чилде суусун бердирем. Мөмөлүү дарактар бир эле жолу суудан калса, кайра калыбына келбейт. Бир жолу суудан калса, сууга чаңкатып койсок, кайра өзүнө келбейт. Мөмө жакшы бербей калат. Ошончо жылдык мээнетибиз күйүп кетпеши үчүн ар бир кырдаалга карап турабыз. Маселен, гиласка көп суу куюлбашы керек, өзүнүн нормасы сакталышы зарыл. Гилас, шабдалы өтө назик болот. Алма көчөтү көп суу ичсе эч нерсе болбойт. Бак-дарактардын жалбырагына карап, балдарыма дароо суу бердиртип турам. Мезгилине карап сугарабыз. Дарактардын жалбырагына карап берсең, ошол жакшы кадам. Бак-дарактардын да өз дүйнөсү бар, муну түшүнүү керек. Башка жакка барып келгенден кийин биринчи багыбызга кирем, анан жай ала түшөм. Бакка кирсең ооруганыңды да, башканы да унутасың. Бактан эс алып чыгасың. Эмгекти сүйгөн адам үзүрүн сөзсүз көрөт», - дейт каарман.
Багбанчылык менен алектенген үй-бүлөнүн 3 гектарга жакын жерде багы бар. Көчөт даярдоо үчүн башка тургундардын да жерин ижарага алып иштетишет.