Turmush — Сөөлжанды органикалык жер семирткич катары өстүрүп жаткандардын катарын Сузак районуна караштуу Жаңы-Ачы айылынын тургуну Муктар Мусаев да толуктайт. Акыркы 3 жылдан бери эгилген күрүчкө сөөлжандан өндүргөн жер семирткичти чачып жаткан дыйкан менен аймактык кабарчы таанышты.
Муктар Мусаев — күрүч өстүрүү үчүн минералдык жер семирткич колдонбогон облустагы алгачкы дыйкан. Ал сөөлжандын Калифорния түрүн багат. Дал ушул жол менен химикаттар себиле берип, «баңгиге» айланган жерлерди дарыласа болорун белгилеген дыйкан сөөлжан багуу элдин капчыгына да ыңгайлуу экенин белгилейт.
«Мен биринчи элден угуп, 800 грамм сөөлжан таап келгем. Аны биринчи үйдүн алдында короодо карадым. Учурда сөөлжандар багылган жер 4 чарчы метр жерге жетти. Айланасын зым тосмолор менен мал-жандык, тоок кирбегидей кылып тосуу керек. Мал-жандыктын кыгы, суу болсо, башка кыйынчылыгы жок. Алгач кыкты жууп, заарасын чыгарып, анан сөөлжанга салабыз. Айына бир жолу кык, аптасына бир жолу суу чачып туруу керек. Түйшүгү түмөн, баарына чыдаш керек болот.
Жылына болжол менен 30 тоннадай жер семирткич алам. Органикалык жер семирткичти 3 жылдан бери күрүч талаама чачып жатам. Биринчи жылы 1,5 гектарга чачып көрдүм, былтыр 3 гектар жерге салынды. Быйыл суу тартыш болору айтылып жатат, шартка карап шалы эгебиз. Бир гектар жерге 4 тонна салсаң жетет экен. Бул кадам менен биринчиден, жер тазаланып, күч-кубаты көтөрүлүп жатат. Экинчиден, түшүмдүүлүгү жакшы болду. Үчүнчүдөн, эч кандай дары, химикат чачылбай, табигый жол менен түшүмдүүлүгү жогору күрүч алынды. Анан да азот, кармабид сыяктууларды сатып алып, акча короткон жокмун. Былтыр Ош шаарындагы лабораториядан күрүчтүн курамы нормасынан да өтө жакшы чыкты. 1-октябрда Бишкек шаарында Кыргызстан боюнча айыл чарба боюнча органикалык продукциялардын көргөзмөсү өттү, органикалык күрүч алып барган менден башка эч ким болгон жок. Ал жерде органикалык күрүчтү азырынча эч ким өндүрө электигин айтып, мени алкагандар болду. Биз ушул кадам менен айыл чарба продукцияларын бышыруубуз зарыл, калк саламаттыгына салым кошкон болобуз. Ар бир дыйкан биздин тушүмдү алган кардарлардын саламаттыгын ойлошубуз керек деп эсептейм», - деди ал.
- Дыйкан «Өзгөн-3», «Баткен лазер», «Мусо-2» сортундагы күрүч өстүрөт.
Муктар Мусаевге сөөлжан багып, биогумус алууда жергиликтүү тургун Мелис Жылчыев шерик. Органикалык жер семирткич аркылуу жер иштетүүдө, дыйканчылыкты колго алууда бири-биринен кеп-кеңеш алып, ой-пикир бөлүшүп турушат.
Мелис Жылчыевдин айтымында, топуракта көп жылдан бери нитраттар жана башка зыяндуу заттар чогулуп калды. Ар кандай химиялык каражаттар чачылып жатып, айыл чарба жерлери бузулду.
«Күрүч, дан эгиндер, жашылча, мөмө-жемиштер болобу химикат чачып отуруп, жерлерибизди химикатка "баңги" кылып алдык. Элдеги боор, бөйрөк оорулары, ар кандай рак ооруларынын көбөйүүсүнө химикатка толгон тамак-аш таасир берип жатат. Биз эми "баңгиге" айланып калган жерлердин үстүнөн иштебесек болбойт. Сөөлжандан жасалган жер семирткичтер жерди оңдоп кетчү касиети бар экен. Демек, сөөлжан өстүрүүнү колго алуу керек. Эптеп жер семирткичти сатуунун айла-амалы эмес, өзүбүздүн жерлерге жеткирип алышыбыз керек», - деди М.Жылчыев.