Turmush — Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Канболот Тутуев дайындалды. Дайындоо тууралуу буйрукка Ноокат районунун акими Данир Иманалиев кол койду.
Маалыматка караганда, район акими Данир Иманалиев жаңы айыл өкмөт башчысы Канболот Тутуевди жамаатка тааныштырды.
Аталган айыл өкмөттө бир нече айдан бери айыл өкмөт башчысы жок болгондуктан, айыл өкмөт башчынын орун басары аталган милдетти аркалап келген.
Тутуев Канболот Мусаевич 1982-жылы 19-августта Кара-Кулжа районунун Кара-Гуз айыл аймагына караштуу Насирдин айылында туулган. Үй-бүлөлүү, 5 баланын атасы.
Толук материалды Turmush басылмасына катталуу менен окуй аласыздар