Turmush — Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Михайловка айылынын тургуну Догдурбек Казакпаев «Арашан» породасындагы койлорду багып, киреше табууда. Ар жылы 100 баш кой баласын сатып, калк арасына асыл тукум мал жайылтып жатканын аймактык кабарчыга билдирди.
Д.Казакпаев 1978-жылы жарык дүйнөгө келген. Шевченко атындагы жалпы билим берүү мектебин аяктап, ата жолун улап, бүгүнкү күндө фермер кесибин аркалап келет.
«СССРдин тушунда жергиликтүү тургундар жалаӊ ак койго басым жасап келсе, ата-энем кара кой баккан. Ошол мезгилде атамдын жанында жүрүп, мал чарбасына жакын болуп үйрөнүп алгам. Кийин союз тарап, ата жолун жолдоп, үйдөгү чарбаны улантып кеттим. Мурда бул койлор гиссар деп аталып келген. Анткен менен 40-50 жыл аралыгында чет мамлекеттен алынып келген койлор менен жергиликтүү койлор аргындаштырылып отуруп, жакынкы жылдары эле кыргыздын "Арашан" койлору деп аталып калды», - деди ал.
Д.Казакпаев учурда асыл тукум малды калк арасына жайылтуу аракетин көрүүдө. Козу-койдун баасы 20 миӊ сомдон 10 миӊ АКШ долларына чейин бааланарын билдирди.
«Бүгүнкү күндө Афганистандан, Тажикстандан кой алып келип, өзүбүздүн кочкорлор менен аргындаштырып жатабыз. Анткени Чүйдүкү, Таластыкы деген сыяктуу эле Ысык-Көлдөн линия ачууну максат кылуудабыз. Албетте, өлкө ичиндеги мал бирдей болот. Болгону багуудан көз каранды. Убагында керектүү витаминдерин, дары-дармегин, жем-чөбүн берип турсаӊ, көлөмү жагынан бойлуу, чоӊ болот. Жыл сайын асыл тукум мал багууну көздөгөн фермерлер үчүн аз-аздан жайылтып келе жатабыз. Анда эркек малды урук үчүн, ал эми ургаачы кой-козуну тукумга алып кетишет. Тааныш фермерлер эӊ кымбат койду 10 миӊ долларга чейин сатканын көрүп жатабыз. Ал эми бизде кандай жыйынтык болору жазында өтө турган көргөзмөдө билинет», - деди ал.
«Арашан» породасындагы койдун жөнөкөй койлордон айырмасы салмагы жагынан алдыӊкы орунда турганында. Тоютка кадимки жем-чөп талап кылынарын жана 6 ай жайлоого чыгарын фермер кошумчалады.
«Жөнөкөй кой 30 килограмм эт берсе, "Арашан" койлору багылганына жараша 50-80 килограммга чейинки салмакка барат. Тоют жагынан көлөмүнө жараша жем-чөп талап кылынат. Мисалы, жөнөкөй малга 3 миӊ сомдук тоют керектелсе, буларга 5 миӊ сом сарпталат. Анткен менен кайра өзүн актап берет. Азыр кородо туутка делген 180 кой бар. Алар төлдөп берсе, 100 баш сатыкка чыгарылат. Муну 4 мезгил бою жайытка да чыгарып бакса болот. Бизде 6 ай гана жайлоого барганга шарт болгондуктан, кышкысын үйдө эле карайбыз. Азыркы тапта өлкө ичиндеги бардык аймактын жашоочулары "Арашан" койлорун багууга кызыгууда. Мамлекеттик толук камсыздоого азырынча сан жагынан күчүбүз жетпейт. Бизде атайын ассоциация ачылган. Алдыда иш черчемдер жүзөөгө ашса, азыркы бирканын оордуна малдын сыпатын аныктоочу чип тагылат. Эгер жакынкы жылдары өзүбүздү камсыздап алсак, келечекте чет өлкөлөргө сатыкка чыгарууга мүмкүнчүлүк түзүлөт», - деди ал.
Догдурбек Казакпаев 1 уул жана 1 кыздын атасы.