Turmush — Лейлек районунун Кулунду айылынын аталышы кулдардын салгылашы менен байланыштырылат. Аймактык кабарчы элеттин таржымалын тактады.
Жергиликтүү тургундардын айтымында, байыркы кулчулук заманда байлардын оор жумушуна чыдабаган бир нече кул качып чыгып, ысыктан улам ушул чөлкөмгө келгенде суу таппай, чаңкоодон каза болушат. Ошондон улам аймак кул өлдү деп аталып, бара-бара Кулунду деген аталышка ооп кеткен.
Экинчи уламышка караганда, кул кармагандар азыркы Кулундунун аймагына кулдарын алып келип, ортого байге коюп, бири-бири менен салгылаштырып турушкан. Салгылаштарда кулдардын өмүрү кыйылган үчүн бул жер кул өлдү деп атала баштаган. Бара-бара бул сөз кул өлдү эмес Кулунду деп өзгөрүп кеткен.
Кулунду айылынын түптөлүшү 1950-жылдарга барып такалат. Ушул мезгилдерде Козу-Баглан дарыясынан суу тартуу үчүн канал казуу иштери башталып, 1953-жылдын 30-апрелинде Кулунду каналы пайдаланууга берилген. 2013-жылы аталган каналдын 60 жылдык мааракеси болуп, мамлекет башчылары катышып кеткен.
Элеттин калкынын саны 10 миңге жакын. Түндүгүнөн Тажикстан менен чектешип, чек ара аймагында жайгашкан айылдардын катарына кирет. Анда 3 орто мектеп, медресе, оорукана, маданият үйү жана Кулунду айыл өкмөтүнүн имараты бар. Жайы ысык, кышы суук. Айылдыктардын көпчүлүгү дыйканчылык менен алектенгендиктен айрым дыйкандар жылына 3 жолу түшүм алышат. Дан өсүмдүктөрү, дарбыз, коон, өрүк, кокон гилас, пахта жана башка мөмө-жемиштер бышат.