Turmush — Кадамжай районунда 1400 жыл мурда Мухаммед пайгамбардын күйөө баласы Азирет Али душмандардан качып келе жатып намазын окуп, Шаймерденге өтүп кеткен жер азыркы «Азирет Али» зыярат кылуучу жайын айланган. Аймактык кабарчы эл оозундагы уламышты сураштырды.
Жергиликтүү тургундардын айтымында, Азирет Али бул жакка динди таратуу максатында келген. Ошол жердеги чоң ташта Азирет Алинин таманынын изи калган. Ал из өтө чоң адамдын изи экени көрүнүп турат. Бул издин айланасы тосмолонуп, зыярат кылуучу жайга айланган.
Башка маалыматтарга караганда, Азирет Али намаз окуп жаткан кезде таштар ээрип, анын таманынын изи калган. Андан улам Азирет Алинин кадам изи түшкөн жер деп аталып, бара-бара Кадамжай деген аталышка айланган. Учурда Кадамжай шаарында жайгашкан сыйынуучу жай кароого алынып, бул жерге келген адамдар Куран окуп өтүшөт.
Cайдын аркы бетиндеги тоодо да бармактарынын изи калгандыгы айтылып келет. Бул сыйынуучу жай Шаймерден сайынын оң тарабында, Кадамжай–Кызыл-Булак жолунун сол жагында жайгашкан. Сай бойлоп тепкичтер жасалып, жан-жаныбарлардын айкелдери тургузулган. Айланасына бактар отургузулуп, сөөрүлөр жана мечит курулган. Андан тышкары жаңы баш кошуп жаткан жаш жубайлар сүрөткө түшүү менен бирге бата алып, зыярат кылууну адатка айлантышкан.
Ошол жердеги жумушчулардын айтымында, «Азирет Али» зыярат кылуучу жайдын айланасы 1999-жылы ашар жолу менен тосулган. Бул жайга зыярат кылганы келген адамдар мал союп, атайын акча салуучу жайга акча таштап, Куран окуп кетишет. Айланасы ар дайым таза турат. Ал эми элден түшкөн каражат бул жайды караган адамга жана ушул жерге шарт түзүүгө жумшалат. Бирок ислам аалымдары сыйынуучу жайга байланышкан божомолдорду четке кагат.
Мындан сырткары Кадамжай районунун аймагында Гөзал-Ата, Билал-Ата, Кожо-Кайыр, Кожо-Алматы, Кожой-Азиз сыяктуу ыйык деп эсептелген жерлер арбын. Ал эми Пышкөөт, Кара-Казык, Пурсун Шейит-Сурма-Таш туристтик маршруттарында жыл сайын жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн келген туристтер арбын. Атагы алыска кеткен «Дугаба» альплагеринде дүйнөнүн чыгаан альпинисттери өздөрүнүн эркин, күчүн сынашат.
1991-жылдын 15-мартындагы райондук кеңештин чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1992-жылдын 6-мартындагы токтому менен Фрунзе району Кадамжай району болуп аталып, кайрадан тарыхый атына ээ болгон.