Turmush — Ош шаарында окуучулардын уулануусу боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасына Ош шаардык прокуратурасынын билдиришти.
Маалыматка караганда, 2025-жылдын 16-апрелинде Ош шаарындагы мектептин биринде белгисиз адам тарабынан
Бул факты боюнча Ош ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыш иши козголуп, бүгүнкү күндө тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.
«Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан жазуу түрүндө көрсөтмө берилип, жетекчиликтин жеке көзөмөлүнө алынган.
Ошондой эле Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан Ош шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгеринин дарегине тез аранын ичинде эмне себептен мектеп окуучулары ууланганын аныктап, Ош шаарынын аймагындагы дүкөндөрдө сатылып жаткан азык-түлүктөргө текшерүү уюштуруп, тийиштүү чараларды көрүү жөнүндө сунуштама келтирилди», - деп айтылат маалыматта.
Буга чейин социалдык тармактарга Ош шаарындагы №38 Б.Алыкулов атындагы мектеп-гимназиясында окуган окуучулар ууланганы тууралуу маалымат тараган.
Ал эми Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы Turmush басылмасына билдиргендей, окуя каттоого алынып, териштирүү иштери жүрүп жатат.
Ош шаардык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн дарыгери Курсанали Таашевдин айтымында, ооруканага 9 бала кайрылган.
«Б.Алыкулов мектебинен кечээ күнү 9 бала келип түшкөн. Алардан кооптуу эч кандай оору аныкталган жок. Амбулатордук жардам көрсөтүп кетиргенбиз. Шириндиктен ууланган боюнча мааалымат болгон эмес, болгону жеңил оору менен келишкен», - деген Таашев.