Turmush — Ош мамлекеттик университетинин клиникасында заманбап эки жаңы интенсивдүү терапия жана рентгенэндоваскулярдык хирургия обочолору ачылып, пайдаланууга берилди.
Окуу жайдын маалыматы боюнча, бул обочолордо жүрөк оорулары, инсульт же мээ кан айлануу бузулуулары, буту ооруп же шишип жаткан бейтаптарда кан тамырлардын абалын аныктоо, онкологияда — шишиктерге кан жетүүсүн изилдөө ангиограф аппараты менен жүргүзүлөт.
Ангиограф — бул кандын тамырларын, жүрөктүн жана мээнин кан тамыр системасын изилдөө үчүн колдонулуучу жогорку тактыктагы медициналык жабдуу. Бул аппарат заманбап медицинанын ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет. Ал бейтаптардын абалын эрте стадияда аныктоого жана эффективдүү дарылоого жол ачат. Өзгөчө кардиология, нейрохирургия жана онкология тармактарында ролу чоң.
ОшМУнун жетекчилигинин билдирүүсүндө, бул обочолордун ачылышы университеттин клиникалык базасын чыңдоого жана медициналык билим берүүнүн сапатын жогорулатууга чоң салым кошот. Ошондой эле медицина факультетинин студенттери үчүн практикалык көндүмдөрдү тереңдетүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Ангиограф аппараты медициналык клиниканын ички каражаты сатылып алынды.
Жаңы ачылган обочолор аймактагы медициналык кызматтын сапатын жогорулатып, бейтаптарга натыйжалуу жардам көрсөтүүгө багытталган.