Turmush — Ош шаарында 19 жаштагы дене тарбиячы мугалим сабалып, ооруканага түштү. Бул тууралуу Turmush басылмасына өздүк булактар билдирди.
Алдын ала маалымат боюнча, мугалим №8 Максим Горький атындагы мектепте иштейт. Окуя 2025-жылдын 14-апрелинде түшкө маал болгон. Ал учурда Ош шаардык ооруканасында дарыланып жатат.
Turmush басылмасына сабалды делген мугалим Т.З. окуя боюнча комментарий берди. Анын айтымында, окуучулар аны алдап, сыртка чакырып алып сабашкан.
«14-апрель күнү сабак өтүп жатканда балдар чакырып чыкты. Чыксам, «агай, кандайсыз, ден соолугуңуз жакшыбы?» деп учурашып, «жүрсөңүз, бир нерсе көрсөтөбүз» деп, ОшМУнун бизнес жана менеджменд факультетинин имараты жакка жетелеп барышты. «Эмне болду?» десем, колунда кастети бар экен, аны менен бир урду. Өзүмдү саамга жоготуп, кайра турсам, дагы уруп качып кетишти. Эки окуучу сабады. М.Горький мектебинин эле 11-классынын окуучулары болчу. Окуя саат 13:30-13:40 чамасында болду. Азыр Ош шаардык ооруканасында дарыланып жатам. Бул боюнча милицияга арыз жазгам», - деди ал.
Ал эми Ош шаардык ички иштер башкармалыганан окуя катталып, тергөө иштери жүрүп жатканын билдиришти.