Turmush — Кадамжай районундагы айылдардын мектептерине коопсуздук камералары орнотулду.
Маалым болгондой, Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн Үч-Коргон милициянын айылдык бөлүмчөсү дагы бир канча мектептерде окуучулардын коопсуздугу күчөтүүнү сунуш кылган. Анын жыйынтыгында Майдан айыл өкмөтүнүн Кара-Жыгач айылындагы Дыйкан орто мектебине жана Кара-Кыштак айылындагы С.Тажибаева атындагы орто мектебине видеокамералары орнотулду.