Turmush — Ош—Баткен—Раззаков унаа жолунун 223-чакырымындагы Чоң-Талаа айылына бара турчу 3 чакырым тилкесине асфальт төшөлүп жатат. Бул тууралуу Баткен райондук №2 Жол тейлөө ишканасынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, аталган жол 5 метрден 7-8 метрге чейин жол кеңейтилип жатат. Бул долбоордун жалпы баасы 21 млн сомду түзүп, каржылоо Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин титулдук тизмесинен каралган.