Turmush — Кечээ, 18-апрелде Баткен районунун Самаркандек айылындагы шахтада өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Маалыматка караганда, куткаруучуларга бир шахтасынан өрт, экинчи шахтада газ чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Ал жерге 7 куткаруучу тартылып, өрттү өчүрүп, тосмо орнотуп беришти.