Turmush — Чүй облусунун Токмок шаарынын тургуну Асема Алымкулова баскетбол боюнча мелдеште 1 мүнөттүн ичинде торчого 9 топ салып, көрүүчүлөрдү таң калтырды. Ал Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде мелдеш тууралуу айтып берди.
Алымкулова Асема Эрлановна 2007-жылы төрөлгөн. Учурда И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде 3-курста окуп жатат.
«3-7-апрель күндөрү Балыкчы шаарында билим берүүнүн отличниги Каныбек Эсентаевди эскерүү максатында 17 жашка чейинки улан-кыздар арасында баскетбол боюнча республикалык турнир болуп өттү. Мелдешке 6 команда катышты. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу Маматов Абдырасул Абдырашитовичтин жетекчилиги астында Токмок шаардык өспүрүмдөр спорт мектебинин тарбиялануучулары уландар жана кыздар арасында турнирдин чемпиону болуп кайттык. Анан мелдештен кийин ар бир командадан бирден оюнчу чыгып, топту торчого киргизүү боюнча мелдеш өттү. Анда мен мелдешке келгендердин арасында эң көп топ киргиздим. Тактап айтканда, 1 мүнөттө 9 топ киргиздим», - деди ал.
Каарманыбыз 5-класстан бери баскетбол, волейбол ойноп келет.
«Окуучу кезимде курбу кыздарым баскетболго барышчу. Алар аркылуу кызыгып калгам. Мектепте окуп жүргөн кезде волейболго дагы барчумун. Спорттун бул түрү да мага абдан жакчу. Командада капитан болдум, кийин волейбол ойнобой калдым. Азыр жалаң баскетбол менен машыгып келем. Ар бир турнирде командабыз менен барып, 1-орундарга ээ болобуз. Анын ичинен өзүнчө да кубок, грамота, медалдарым көп. Мисалы, 2021-жылы Кыргызстандын чемпионатында «Мыкты оюунчу» наамын алгам. 2024-жылы Чүй району боюнча «Жылдын мыкты спортчусу» болсом, 2025-жылы 3 упайлуу топ таштоо мелдешинде кубок алдым.
Келечекте фитнес машыктыруучу болгум келет. Бош убактымда таза абада сейилдейм, музыка угам, үй иштерине жардам берем. Негизи спорттон башка хоббим жок», - деди ал.