Turmush — Кыргызстанда башталгыч класстарга бир гана кыргыз тилинде билим берүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлуп жатат. Жогорку Кеңештин депутатысунуштаган долбоорго ылайык, жалпы негизги жана орто билим берүү 3 тилде жүргүзүлөт. Анда 5-класстан жогорку класстарда окуу кыргыз, орус жана англист тилинде жүргүзүлөт.
Бул боюнча Каракол шаарынын тургундары пикирлерин айтышты. Сурамжылоого катышкандардын айрымдары балдар учурда мектепке чейин эле орус, англис тилдерин өздөштүрүп жатканынын айтып, кыргыз тилди өнүктүрүү үчүн кыргызча билим берген туура деген ойлорун айтышты.
Айрымдары бул мыйзам долбооруна макул экендиктерин айтып, анткени азыр кичинекей балдар кыргызча жакшы түшүнбөй жатышканын кошумчалашты. Кээ бирлери бала башталгыч класста башка тилди өздөштүрбөсө кийин, жогорку класстарда оорчулук жаралат деген ойлорун айтышты.
Ошондой эле канча тил билсе балага ошончо жакшы деген ойлорун айтып, андыктан башталгыч класстардар эле көа тилде билим берүү керек деген ойлорун айтышты.