Turmush — Кадамжай районнун Орозбеков айыл аймагынын Сары-Талаа жайлоосундагы тоодон 61 жаштагы адам куткарылды. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде ӨКМден кабарлашты.
Маалыматка караганда, куткаруучуларга 1964-жылы туулган К.З. аттуу эркек адам тоодон өз алдынча түшө албай калганы белгилүү болгон. Ал жерге 5 куткаруучу тартылып, аталган жаранды тоодон аман-эсен түшүрүп келишти.