Turmush — Өзгөн районунун Мырза-Аке айыл аймагындагы 3 муниципалдык бала бакча капиталдык оңдоодон өтөт. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн башчысы Руслан Талантбек уулу билдирди.
Анын айтымында, «Санта эне» бала бакчасы дем берүүчү гранттын эсебинен оңдолот. Түрткү берүүчү гранттан 2 млн 300 миң сом, ал эми жергиликтүү бюджеттен 400 миң сом каралды. Оңдоо иштери апрель айынын аягында башталат.
Ал эми «Бабыр» бала бакчасын оңдоо иштери башталды. Жалпы 2 млн 300 миң сомго оңдоодон өтөт. 1 млн 700 миң сом райондук өнүктүрүү фондунан, 500 миң сом жергиликтүү бюджеттен каралган.
«Адыр» бала бакчасын оңдоо үчүн жакынкы күндөрдү тендерге берилет. 2,5 млн сом райондук өнүктүрүү фондунан, 500 миң сом жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилди. Айыл өкмөттө жалпы 4 муниципалдык бала бакча бар. Анын ичинен 3 бала бакча капиталдык оңдоодон өтөт», - деди айыл өкмөт башчы.