Turmush — Ак-Талаа районунун Баетов—Кош-Дөбө унаа жолунун айдоочуларга көйгөй жаратып жаткан тилкеси оңдолуп баштады. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, буга чейин Ала-Буга айыл аймагынын тургуну Талантбек Орунбаев аталган жолдун 2 жери чөгүп, жеңил унаалар өтө албай жаткандыгын, андан соң оор жүк тартуучу унаалар ошол жерге тыгылып, чыга албай калгандыгын кабарлаган.
Ак-Талаа райондук №15 Жол тейлөө ишканасынын жетекчиси Асанбек Билимбек уулу чөгүп кеткен жолду оңдоо иштери башталгандыгын айтты.
«Баетов—Макмал унаа жолундагы чөгүп кеткен жол тилкелерин жасап жатканбыз. Ак-Чий айылы тарапта чөгүп кеткен жолдорду жасап бүттүк. Четинен жасап бара жатканбыз. Чолок-Кайың айылы тараптагы бул чөгүп кеткен жол дагы жасалмак. Баарын 1 күндө бүтүрө албайт экенбиз да. Анын үстүнө 2-3 күндөн бери жаап жаткан жамгыр дагы ошондой жолдун бош, чөгүп турган жерлерин ого бетер эзип салды. Азыр кечки саат 20:30 болду. Аталган жерге жол тейлөө ишканасынын жумушчулары жана тиешелүү техникаларыбыз менен келип, тыгылып турган унааларды сүйрөтүп чыгарып, жолду оңдоо иштерин баштадык. Түн болсо дагы жолдун чөгүп кеткен астын тазалап, кайра шагыл төгүп, таптап жасап жатабыз. Түн болсо дагы бүткөрөбүз», - деди ал.
Кийинчерээк, Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргызавтожол-Түндүк» мамлекеттик ишканасынын Нарын—Баетов унаа жолунун 55-чакырымында пайда болгон пучина боюнча төмөнкүдөй маалымат беришти.
«Нарын облусунун Баетов—Макмал унаа жолунун 55-чакырымында жер кыртышынын өзгөчөлүгүнөн улам пучина пайда болгон. Учурда аталган тилкеде “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасына караштуу №15 жол тейлөө ишканасы тарабынан пучинаны жоюу жана каттамды камсыз кылуу иштери жүрүп жатат.
Жол кыймылы убактылуу бир тараптуу уюштурулган. Жарандарды түшүнүү менен кабыл алууга жана коопсуздук эрежелерин сактоого чакырабыз», - деп айтылат маалыматта.
- Пучина — бул топурактын нымга каныгып, жол бети баткак жана жумшак абалга келип, транспорт каражаттарынын жүрүүсүнө тоскоолдук жараткан абал.