Turmush — Нарын облусунун Ак-Талаа райондук ветеринардык башкармалыгынын улук тескөөчүсү Мирбек Токтобаев чакалай илдетинин пайда болушу жана аны дарылоо боюнча түшүндүрмө берди.
Жугуштуу тери оорусу
Малдардын чакалай оорусу териде ар кандай көлөмдө болот. Ал бозомтук түстө болуп, чекелерин карттанган, какачтардан турган жугуштуу ылаң болуп эсептелет. Сырткы көрүнүшү, пайда болуу себептери, өтүүсү түрдүү тери ооруларынын жалпы аты. Чакалайда териде ыйлаакчалар, тактар, кабыкчалар жана башкалар пайда болуп, дүүлүгүп кычышат, кабыгы сыйрылып түлөйт. Негизги ооруну козгоочу болуп сырткы чөйрөдө туруктуу болгон мите курттар болот. Ал мите курттар жүндөрдө, чачтарда 6-10 жылга чейин, ал эми тезекте 7-8 айга чейин, ооруган мал кашынган түркүктөрдө, дубалдын бурчтарында көп жылдарга чейин сакталат. Бакма айбандар, чычкандар, келемиштер жана башка жырткыч жаныбарлар ооруйт. Ылаң бардык мезгилдерде каттала берет.
Ылаңдан айыгып чыккан малдан жугат
Бул ооруну алдын алуу үчүн малды сапаттуу тоют менен камсыз кылып, ветеринардык-санитардык эрежелерди туура сактоо жана сарайларды гигиеналык талаптарга ылайыктуу кармоо керек. Мал баккан жайды жылына 2 жолудан кем эмес дезинфекциялоочу каражаттар (5%түү хлордун эритмеси, аки таштын суусу) менен тазалап туруу зарыл. Тоют менен камсыз кылууда кемчиликтердин негизинде организмдеги ооруга болгон туруктуулугун кескин төмөндөшүнө түрткү берет. Чакалай ылаңына музоолор 1 айында, төөлөр 1 айында, козу-улактар 1-2 жашында чалдыгат. Бул ылаң ылаңдаган мал жана ылаңдан айыгып чыккан жаныбардан жугат. Бодо мал менен койлор көбүн эсе баш териси, моюну, каптал жону, сандары, куйругу жабыркайт. Ал эми музоолор менен козуларда биринчи эле көздөрүнүн, оозунун тегерегинде жана кулактарынын түбүндө пайда болот.
Эмдөө
Мал катуу жараланган учурда чакалайдын очокторун жумшартуучу препараттарды (маз ям, йодоформ) сүйкөйт жана ЛТФ-130 вакцинасын 3 ирет кайталап колдонот. Вакцина жок болуп калган учурда ар кандай тери оорусуна каршы маздарды, дарыларды пайдаланат. Бул препараттардын көпчүлүгү жараат болгон жерди күйгүзүп, терини сезгендирип жибериши мүмкүн. Ошондуктан, теридеги чакалайдын бардык очокторуна бир мезгилде сүйкөбөстөн кезек менен бир нече күндүн ичинде дарылап чыгуу керек.