Turmush — Талас облусунун ар бир районунда ар кандай аталышка ээ болгон тамак бар. Бул тамак тууралуу Бакай-Ата районунун Түйтө айылынын 86 жаштагы тургуну Шайбүбү Аныракаева Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына айтып берди.
Талас облусунун ылдый жагында (Манас району) «Куурулган күлчө», Бакай-Ата, Айтматов райондорунун кээ бир айылдарында «Жетим күлчөтай», Талас облусунун өйдө жагында (Талас району) «Жаркоп» деп аталат.
Шайбүбү Аныракаева апанын айтымында, бул тамак эт жок кезде сый конокторго берилип келген.
«Мен Бакай-Ата районунун кызымын, ушул жакка эле турмушка чыккам. Бул тамакты бизде көбүнчө "Жетим күлчөтай" деп аташат. Эт кошпой картошка, пияз кууручубуз. Камырын калың анан ундуу кылып жайчубуз. Шорпосу кайнагандан кийин камыр салып, ал бышканда сүзүп алып, үстүнө сары май салып жечү элек. Шорпосуна сүзмө катыктап койчубуз.
Биздин жаш кезибиз согуштан кийинки жылдарга туш болду. Кайра куруу, калыбына келтирүү маалы эле. Ошондо бул тамакты сыйлуу конокторго жасап беришчү. Казандап эт асып, беш бармак жеген элибиз эти жок камыр болгон үчүн "Жетим күлчөтай" деп атап алышкан.
Азыр эми ушундай жакшы жашоодо эт кошуп, жакшы кылып жасап калышты. Сары май кошуп жеген үйдү дээрлик көрбөйсүң», - деди Шайбүбү апа.