Turmush — Бакай-Ата районунун Кең-Арал айылынын тургуну Жайнагүл Адылбекова кыз-келиндерге тигүүчүлүктү үйрөтүп жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.
Өзүнүн айтымында, Түп районунун Ысык-Көл айылынын кызы. 2014-жылы Таласка келин болуп келген.
«Мен кесибим боюнча Санкт-Петербург шаарында банк кызматкери болуп эмгектендим. 9 жыл банкта иштедим. Былтыр Таласка келгенде, кайра эле банкта иштөөнү чечип, резюмемди 4-5 банкка калтырдым. 4-5 банк дароо байланышып ишке чакырышты. Эмнегедир ошол убакытта айылда келиндер крой боюнча көп сүйлөшүп жатышты. «Крой алгам брак кылып алдым жарым акчамды бербей коюшту» деген айымдарды абдан көп көрдүм.
Анан ойлоно баштадым мен негизи кичинекей кезимден эле тигүүнү, элден башкача кийингенди жакшы көрөт элем. Анан эле чоңойгондо банкир болуп кеттим. Ошол сөздөрдү угуп тиккенди билем, кыз-келиндерге деле үйрөтүп, кройлорун жакшы тигип акча табышса жаманбы деп анан банктарга баруудан баш тарттым.
Бычуу тигүү курсумду ачып иштеп баштадым. Тигүүчүлүктү Санкт Петербургтан окугам. Кыргызстанга келип, Анара Токтосунованын конструктор модельер курсун окудум. Ушул аралыкта 378 кыз-келин менин окуумдан өтүп, көпчүлүгү тигүүчүлүк менен оокат таап жатышат. Негизи жаратылыштан шыгы болсо, ал адам сүйгөн ишин бат эле өздөштүрүп, алып кетет экен. Ушунча эжекелерди, кыздарды окутуп ушул нерсени байкадым. Кээ бирөөлөр абдан кызыгып келишет, бирок шыгы жок болгондуктан, абдан кыйналышат. Кээ бирөөлөр абдан жөндөмдүү болот. Бир жолу көрсөтүп койгон нерсени бат эле улап алып кетишет. Келечекте ушул ишимди жогорку деңгээлде аткарып, чоңойтсом дейм. Үй-бүлөм дагы абдан колдоп, жардам беришет», - деди ал.
Чебер айым 2 кыздын апасы.