Turmush — «Жеңеке» рубрикасынын кезектеги каарманы — Чүй облусунун Панфилов районуна караштуу Кайыңды шаарынын тургуну Тахмина Рустамова. Ал Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде жолдошу менен интернет аркылуу таанышканын айтып берди.
Каарманыбыз 2001-жылы Талас шаарында туулган. Кайыңды шаарындагы №2 мектеп-гимназиясында окуп жүрүп, 2008-жылы Казакстанда 1 жыл билим алып келген. 2010-2011-жылдары Таластагы Атай Огонбаев атындагы мектепте окуп, кайра 2012-жылдан баштап Кайыңды шаарындагы №3 орто мектебин окуп бүтүргөн. 11-классты аяктан соң Кара-Балта шаарындагы Абай атындагы гуманитардык-экономикалык колледжинен мугалимдик кесипке ээ болгон.
«Жолдошум менен 2018-жылы жай мезгилинде социалдык тармак аркылуу таанышкам. 2018-2019-жылдары кыз-жигит болуп сүйлөшүп, 2019-жылы 1-июлда сөйкө салуу аземи өттү. Ал эми 2020-жылы 25-октябрда үйлөнүү тоюбуз болгон.
Жаңы келин болуп келгенимде кызыктуу жана күлкүлүү окуялар көп болгон. Турмуш курганга чейин камыр жууруганды, жайганды такыр эле билчү эмесмин. Анан келин болгондон кийин башка түшсө байтал жорго дегендей эле болду. Бир жолу нан жабайын деген ойдо камыр ачыттым. 1-2 саат өттү. Камыр такыр көтөрүлбөй койду. Кайын энем көрсө капа болот деп, камырды көрсөтпөй итке бергем. Көрсө ачыткыч кошпоптурмун.
Дагы бир учурду айта кетсем, эшикти шыпырып жаткам. Анан эле кайненем «чылапчынды алып кел» деп жөнөттү. Бизде Таласта чылапчынды дагара дешет. Мен чылапчын дегенге түшүнбөй кайсалактап, билбеген буюмду издей бердим. Айлам кетип жолдошума чалып сурадым, анан түшүндүргөн. Азыр чылапчын деп чүйлүктөрчө айтып калдым», - деди ал.
Тахмина Рустамованын жолдошу Иманкулов Бектурсун Нурдинович 1997-жылы 7-апрелде туулган. Панфилов районунда мамлекеттик кызматкер болуп иштейт.
«Жолдошум жакшы маанайды тартуулаганды жакшы көрөт. Мен үчүн ар бир белеги эсте калат. Анткени чын жүрөгү менен жана чоң сүйүү менен тартуулайт. Анын ичинен бир буюмду белгилей кетейин. 20 жашымда туулган күнүмө сюрприз кылып, уюлдук телефонду белек кылган. Кутуларга ороп, кооздоп берген. Эсте калганын себеби, ал кезде ошол телефон кымбат болчу. Жолдошум менин көңүлүм деп алып бергенги эсте калган. Ал өзүнүн камкордугу менен мени багындырды деп ойлойм. Алгач сүйлөшкөндө сөздү тандап сүйлөчү, катуу сүйлөп албайын деген ойдо окшойт. Камкордугу, боорукерлиги, берешендиги, кызды сыйлай алгандыгы менен өзгөчөлөнөт», - деди ал.
Жубайлар эки кыздын ата-энеси, учурда үчүнчү наристесин күтүп жатышат.