Turmush — Лейлек районунун Көк-Таш айыл өкмөтүндөгү Таш-Булак (мурдагы Дейнө) кыштагында 70 түтүн кожолук бар. Аймактык кабарчы алыскы элеттин таржымалын сураштырды.
Маалым болгондой, уламыштарда аталган айылдагы жашоочулар Бабурдун урпактары экени айтылат. Бул аймакта айтылуу тарыхчы, акын, ойчул, падыша Бабур жер которуп бара жатканда бешиктеги баласы калган. Ошол ымыркайдан тараган эл азыркы Таш-Булак (мурдагы Дейнө) кыштагында дагы канчасы ушул эле айыл менен чектешкен Тажикстандагы айылда түтүн булатып келишет. Бир эле улуттан, бирок эки жактын жарандыгы менен жашаган кошуналар кыз алып, кыз беришип, уул үйлөп келишкен. Бирок акыркы жылдардагы чек арадагы абалга байланыштуу туугандар бири-бирине каттай албай калышкан учурлар болуп калат.
Айылда дыйканчылык, мал чарба жакшы колго алынган. Эң аз мал кармаган үй-бүлөдө болжолдуу 15тен бодо малы бар. Жайыт, тоютка мол аймакта суу таңкыстыгы бар. Ошентсе да дыйканчылыкты жакшы колго алынган. Аталган аймакта «Саркент» жаратылыш коругу бар. 40 миң гектардай аянтты камтыган жаратылыш паркында коргоого алынган бир канча жан-жаныбарлар кездешет. Барс, аюу, кийик жана башка тоо жаныбарлары менен бирге атайын топоздор багылат.
Тоо этегиндеги айылда 1 мектеп бар. Мектеп жергиликтүү тургундун демилгеси менен курулуп, 9-класска чейин билим алуу шарты түзүлгөн. Учурда 50гө жетпеген окуучу билим алууда.
Дейнө айылы өлкөнүн эң четки айылдарынан болуп саналат. Ал Тажикстандын 3айылы менен чектешет.