Turmush — Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Даркан айылынын тургуну Калысбек Урматбек уулу 10 жылдан бери багбанчылык жана аарычылык менен алектенип келет. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.
«Мен 1992-жылы Даркан айылында төрөлүп-өскөм. Учурда ушл эле айылда күн кечирип, көчөт жана бак өстүрүп, аарычылык менен алектенем. Ата-энем өмүр бою агартуучулук тармагында эмгектеништи. Муну менен катар чоң ата жана чоң энем менен биргеликте багбанчылык менен да алектенишкен. Аары багууну мага 87 жаштагы чоң атам үйрөттү. Чоң энем экөө төрүбүздүн көркү болуп, бизди сүйүнтүшөт. Кээде өзүм билип турсам дагы, чоң атамдан аары боюнча суроо узатып калсам, сүйүнүп калат. Муну менен катар чоң атам санжырачы, андан артык уруу, элдин келип чыгышы, таралышы, бөлүнүшү, тарыхы жөнүндө эч ким билбесе керек деп эсептейм.
Өзүм И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде билим алып, инженер-электромеханик кесибине ээ болдум. Окууну аяктап, адистигим боюнча мамлекеттик жумушка орношоюн десем, айлык маянасы абдан эле аз экен. Анан 2014-жылдан тарта багбанчылык жана аарычылык менен алектене баштадым», - деди ал.
Каарманыбыз карагат менен өрүк өстүрүүнүн артыкчылыгын айтып берди.
«Бүгүнкү күндө 60ка чукул бал челек бар, 8,5 гектар жерде өрүктүн түрлөрү, 3,5 гектар жерде карагаттын ар кандай сөрттөрү өстүрүлгөн. Ал эми көчөттөр 1,5 гектар жерде эгилген, жалпысынан 13,5 гектар үлүш жерди иштетебиз.
2014-жылы 1 гектар 42 соток жерге "Королевский" сортундагы кеч бышкан өрүктү, 2018-жылы 2 гектар 28 соток жерге "Никитский" сортундагы өрүктү тиккенбиз. Бүгүнкү күндө бул өрүктөрдөн тонналаган мөмө-жемиштерди алып, үзүрүн көрүп жатабыз. "Шалах" сортундагы өрүгүн 2020-жылы 3 гектар жерге, 2021-жылы 1 гектар 28 соток жерге тиккенбиз. 2023-жылы 1 гектар жерге кеч бышкан "Капитан" сортундагы карагатын, 50 соток жерге Ысык-Көлдө жергиликтүү болуп саналган "Ленинградский великан" сортундагы карагатын отургузганбыз. 2024-жылы күз мезгилинде дагы 2 гектар жерге "Ленинградский великан" сортундагы карагат тиктик. Эл: "мынча жерди кантип иштетип жатасыңар?" деп айтып калышат. Аз-аздан жылда бөлүп тигип жатып, аягында ушул жыйынтыкка келдик. Менин канаттарым болуп, эмне иш кылсам жанымда жүргөн эки иним бар — улуусу Узак, кичүүсү Кутман.
Эми тикчүсүн тиктик, мындан ары кайра иштетүү жолдорун ойлонуп жаткан учурубуз. Бак өстүрүүдө колдон келишинче химиялык жер семирткичтерди колдонбогонго аракет жасайбыз. Сөөлжан өстүрүп, биогумус жасайбыз, кык чачабыз. Өрүк жана карагат башка өсүмдүктүрдөн айырмаланып, таштак жерлерге өсө берет. Тилекке каршы, соңку жылдары "сары кызга" куда түшкөндөр аз болуп, баасы чыкпай, эмгегибиз акталбай калып жатат. Тиешелүү бийлик өкүлдөрү өрүктү чет өлкөгө экспорттоо боюнча келишимдерди түзүп, дыйкандарга иштешине шарт түзүп берсе жакшы болор эле. Ал эми карагатты сатууда эч маселе жок, кардарлар өздөрү издеп келип, жакшы акчага сатып алып кетишет. Ошол себептен карагатты мындан дагы арбытып тигүүнү туура көрүп калдык.
Карагаттын "Капитан" сорту 180 сомдон, "Ленинградский великан" сорту 150 сомдон. Өрүктүн Түркиядан келген "Рубиста" сорту 150 сомдон. Бул кызыл өрүк эң түшүмдүү жана экспорттоого ыңгайлуу экен», - деди ал.
Анын айтымында, аары мөмө-жемиштердин түшүмдүүлүгүн жогорулатат.
«Аары турасында айта кетсем, бак өстүргөн адам сөзсүз түрдө аары кармашы керек. Анткени мөмө-жемиштердин баарын чаңдаштырып, түшүмдүүлүгүн жогорулатат. Аарылар ар бир гүлдү чаңдаштырып эле тим болбостон бал чогултушат. Чаңдашпай калган гүл жөн гана жерге түшүп калат. Ошон үчүн аарынын жашоодогу орду абдан чоң. Бардык өсүмдүктөрүбүз ошол чаңдашкандан улам түшүм берип, адамзаттын жашоосу уланып келет. Бир бал челектен бир сезондо эч жакка көчүп-конбой туруп, 20 килограммдан 40 килограммга чейин бал алууга болот. Балдын 1 килограммы 500 сомдон сатылууда.
Айрымдары: "бош учурда эмне кыласың?" деп суроо узатышат. Мен тамаша иретинде "дагы бир жумушту жоктон бар кылып ойлоп табам" деп жооп берип коём. Келечекте өзүбүз өндүргөн продукцияны кайра иштетип, бир түрдөн экинчи түргө өткөрүп, экспорттоого аракет кылалы деп жатабыз», - деп сөзүн жыйынтыктады Калысбек Урматбек уулу.