Turmush — Ош технологиялык университетинин студенти Бектемир Садырбеков Ош шаарынын ачык чемпионатында 1-орунду алды. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.
Маалыматка караганда, Ош шаарынын мэриясы жана Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан 2006-2007-жылы туулган жаштар арасында бокс боюнча Ош шаарынын ачык чемпионаты уюштурулду.
Аталган спорттук мелдешке ОшТУнун гуманитардык-технологиялык колледжинин студенти 45 кг салмакта катышып, 1-орунду камсыз кылды.